Өрттөн каза болгондордун 90 пайыздан ашыгы түтүнгө уулангандар. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдар үйдө түтүндүн жыты келе баштаганда терезе-эшикти ачпай, сыртка чыгып кетүүнүн аракетин көрүүсү зарыл.
"Өрт чыккан учурда анын видеосун социалдык тармактарга жүктөп коюу маалыматты жеткирүү болуп эсептелбейт. Жарандар кайсы жерде өрт чыкса дагы 101 номерине чалып, кырсык болгон жердин дарегин айтышы керек. Колдон келишинче кайсы жагынан кирсе болору, эмне өрттөнүп жатканы тууралуу көбүрөөк маалымат берип коюуга аракет кылуу зарыл. Анткени өрт кызматы үчүн ар бир секунда маанилүү. Анын үстүнө учурда курулуш материалдары өрттөнсө, уулуу түтүн бөлүп чыгара турган болуп калды. Эгерде үйдүн же имараттын ичин түтүн каптаса, жөрмөлөп сыртка чыгуу керек. Колдон келсе, терезе, эшикти ачпаш керек. Ошондой эле сыртка чыкканда дагы эшикти жаап койгон дурус. Себеби өрттүн тутанып кетишине кычкылтек эң биринчи себепкер. Биздин талдоолор боюнча, өрттөн көз жумду делгендердин көпчүлүгү түтүнгө уулангандар. Өрткө, жалынга күйгөндөр азыраак болот", — деди Бейшекеев.
Ал, ошондой эле, өрт чыккан учурда колдон келсе, биринчи кезекте үйдөгү балдарды жана кары-картаңдарды сыртка чыгарып жиберүү керектигин кошумчалады.
Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.
"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.
Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.
Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.