Боз үй кыргыздын үй-бүлөсүнүн, улутунун, элинин биримдигин билдирет. Бизди түндүк бириктирип турат эмеспи. Көргөзмө да коомду биримдикке чакырат. Бул тууралуу Алтынай Осмоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көргөзмөгө коюлган костюмдар боз үйгө окшош.
"Куттуу боз үй" көргөзмөсүн өткөрүү идеясы тогуз жыл мурун эле келген. Англияда Central Saint Martins College of Arts and Design колледжинде кийим дизайны боюнча билим алып жатканда биринчи курста боз үйдүн негизинде костюм жасагам. Мугалимдер, курсташтарым таң калышып, жогорку баа беришкен. Ошондон улам Кыргызстанга барып чоң көргөзмө өткөрүшүм керек экен деп ойлоп койгом. Боз үйдүн архитектоникасы өзгөчө эмеспи. Ушул иш-чарага даярданып жатып көп нерсе үйрөндүм. "Алачык", "Кут", "Бата" жана "Мен, Теңир" инсталляцияларынын үстүнөн иштеп жатып боз үйдүн түзүлүшүн, кыргыздын каада-салтын, анын маанисин изилдеп, үйрөндүм. Мен бул көргөзмөнү бардык апаларга, чоң энелерге арнайм. Анткени боз үй — бул үй. Мен үйдү энелерибиз менен байланыштырам. Бул — жылуулук жана биримдик. Маданий мурас өткөнгө гана эмес, бизге да тиешелүү. Менин милдетим мурастардын терең маанисин жаңы медиа, искусство түрлөрү аркылуу калкка жеткирүү", — деди Осмоева.
Сүрөтчү көргөзмө Бишкек шаарында 25-декабрга чейин уланып, андан кийин өлкөнүн облустук музейлеринде, Ош, Нарын, Талас жана Ысык-Көлдө көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Өлкөдө 65 мамлекеттик, 3000ден ашуун ведомстволук архивдер болсо, анда иштеген адистердин 12синин гана тиешелүү багытта диплому бар. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Архив агенттигинин өзүндө эле республика боюнча 500дөй кызматкер эмгектенет.
"Архив агенттигиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси. Учурда архивист деген дипломдун ээси, башкача айтканда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана сактоо боюнча атайын билими бар 12 гана кызматкерибиз иштейт. Алар мындан бир топ жыл мурда Кусеин Карасаев атындагы БГУда ачылган архивист факультетинен билим алгандар. Тилекке каршы, бул окуу бөлүмү 4-5 жылдан кийин жабылып калган. Азыр республикадагы бир дагы окуу жай бул кесипке адис даярдабайт. Андыктан биз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, адистерибизди кыска мөөнөттүү же квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жиберүүгө аргасызбыз. Бул маселе боюнча Түркия жана Россия менен тыгыз иштешүү алдында турабыз. Россияга аспирантурадан билимин тереңдетип келүү үчүн бизде иштеп жаткан ошол дипломдуу 12 адисти жиберүү боюнча макулдашылды", — деди Ырысалиев.
Адис эл аралык же жеке менчик багыттагы компаниялар да архив кызматкерин жумушка алуу боюнча кайрылуу жолдошорун, бирок бул багытта кадрдык резерв жок экендигин кошумчалады.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.
"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кытайда кайгуул полиция кызматкери бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра дароо эле жумушка чыкты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.
Салтанат Кытайдын Хэбей провинциясында өткөн. Анда жумушунан бошобогон полиция кызматкери түшкү тамактануу учурунда убакыт таап, келинчеги менен бир мүнөттүн ичинде үйлөнүп, кайра эле кызматына жөнөгөнү айтылат.
Түгөйлөр 15-январда баш кошкон.