Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамырканов: жумурткага "адал" сертификатын алуу зарыл эмес

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуПредседатель Ассоциации птицеводов КР Эрмек Мамырканов
Председатель Ассоциации птицеводов КР Эрмек Мамырканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаттуулар чарбасы ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мамырканов үй жумурткасы коопсуз деген жаңылыш түшүнүк экенин айтты.
Мамырканов: жумурткага "адал" сертификатын алуу зарыл эмес

Кол менен жасалган азык-түлүккө "адал" сертификатын алса болот. Ал эми жумурткага аталган мөөрдү басуу негизсиз маселе. Мындай пикирин Эрмек Мамырканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сатып алуучулар алгач жумуртканын жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруусу зарыл.

"Бизде үйдө багылган тооктун жумурткалары даамдуу же зыянсыз деген түшүнүк бар. Бул жаңылыштык деп айтар элем. Анткени, тескерисинче, үйдө жүргөн тооктор ээн-эркин болгондуктан, алардын эмне жеп жатканын билбейбиз. Качан каерде болуп, кандай ооруну жуктуруп алгандыгы тууралуу кабарыбыз жок. Ал эми фабрикада багылган тооктор камалып турат. Убакыт-сааты менен жем жейт. Алардын азыктарында эч кандай кооптуу зат жок. Түрдүү дандардан гана түзүлгөн рацион болот. Ооруга кабылып калбашы үчүн текшерүүлөрдөн өтүп, эмдөө алышат. Мындай тооктордун жумурткасы да коопсуз болот. Тооктун эти боюнча да ушундай маселе. Фермада багылган тоокторду союуда адал эрежелери кармалбайт деген пикир айтылып келет. Муну билүү үчүн бир ирет мага кардарлар атайын Чубак ажыны эрчитип келип текшертишкен. Ал киши биздин союу технологиябыздын шарият тартибине туура келерин айткан. Андыктан ишкерлер багып өстүргөн тооктун этин, жумурткасын чочулабай эле колдоно берсек болот", — деди Мамырканов.

Ал сатып алуучулар сырттан келген жумурткалар менен өлкөдө өндүрүлгөндөрдүн айырмасын билбей, кооптонорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0