Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Драматург: "Көл" тасмасында сакралдуу нерселер чагылдырылган

© Sputnik / Асель СыдыковаДраматург Назира Жуман
Драматург Назира Жуман - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Драматург Назира Жуман "Көл" тасмасын кыргыз киносундагы алдыга жылыш катары сыпаттап, анда каймана ойлор айтылганын белгиледи.
Драматург: "Көл" тасмасында сакралдуу нерселер чагылдырылган

"Көл" тасмасында сакралдуу нерселер каймана берилип, бирок ал ар бир кыргызга түшүнүктүү болгудай чагылдырылган. Мындай пикирин Назира Жуман Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган кинодо кыргыздын эпикалык, этнографиялык, мифологиялык байлыктары бар.

"Эгемендүүлүк алган 30 жылдан бери кыргыз кинематографисттери эл аралык деңгээлде иштеп, кыргыз туусун бийик көтөрүүдө. Соңку тасмалардын бири "Көл" дагы жакшы ийгиликтерге жетишип жатат. Ал кыргыз киносунун өсүп-өнүгүшү үчүн зор түрткү болду. Анда кыргыздын нарк-насили, салт-санаасы, менталитети терең чагылдырылган. Көптөгөн тасмаларда сакралдуу нерселер билинбей, каймана берилет. Аны түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Ал эми бул кинодо ошол каймана маани, тасмада катылган жашыруун код ар бир кыргызга түшүнүктүү болгондой кылып жеткирилди. Уламыштарыбызда айтылып, кездешип келген айрым жагдайларды чечмелеп берүүгө аракет берген. Мисалы, кыргыздар көлдү ыйык тутуп, анын балыгын дагы жеген эмес. Буга эмне себеп болгонун ушул тасмадан көрүп-билип, түшүнүп алууга болот", — деди Назира Жуман.

Драматург фильмде кайып дүйнө чагылдырылып, көрүүчүлөргө өзгөчө сезим тартуулап, жаңы нерселерди ачып бере алат деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0