Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: пандемия кирешелүү тармактарды ачыкка чыгарды

© Sputnik / Асель АкматоваРегиональный советник бизнес-ассоциации ЖИА Урмат Акматов
Региональный советник бизнес-ассоциации ЖИА Урмат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ишкерлер ассоциациясынын регионалдык кеңешинин мүчөсү, ишкер Урмат Акматов 2021-жылы IT, айыл чарба жана медицина тармагына болгон муктаждык жогорулай турганын билдирди.

Оор абалда өкмөт ишкерлерди колдоп, аларга мүмкүнчүлүк түзүп берсе жыйынтыгы жакшы болот. Бул тууралуу Урмат Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Акматов: пандемия кирешелүү тармактарды ачыкка чыгарды

Анын айтымында, IT, тамак-аш жана медицина тармагына коңшу өлкөлөр да абдан чоң маани берип, узак мөөнөттүү программаларды түзө баштады.

"Кайсы ишке багыт жасаш керек экендиги дүйнөлүк практикада белгилүү болуп калды. Коронавирус адамдан адамга жукканы үчүн жакын байланышты азайтуу негизги маселе болду. Мисалы, туризм бизде алдыңкы тармактардын бири эле. Бирок бир топ аксап, иш токтой баштады. Эми бул акырындык менен жанданат деген үмүттөбүз. Келечекти карасак, тамак-аш жаатында өнүгүү болот. Өзүм айыл чарба тармагындагы ишкер болгондуктан байкап турам. Казакстан, Россияда бул тармак жакшы жыйынтыгын бере баштады. Кыргызстанга да ушул сыяктуу көңүл буруу керек. Быйыл аба ырайы ыңгайлуу болгондугунан улам фермерлерге бардык шарттар түзүлүп, маанайлары көтөрүлүп турат, узак мөөнөттүү насыяларды берип, жерди убагында айдап алуу керек. Жаз эрте келип калса, баарына даяр болушубуз зарыл. Мындан тышкары, IT-тармагынын келечеги бар. Адамдар ортосундагы соода азайып, электрондук коммерция өнүгөт", — деди Акматов.

Ошондой эле ишкер адамдар ден соолугуна кам көрүп, көбү медицина тармагына ыктай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0