Күнүнө 25-30 тонна эт чыгара ала турган заманбап комбинат курулууда. Бул тууралуу Марат Зарыпбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маалымдады.
Анын айтымында, бул долбоор аймактарды өнүктүрүүгө багытталган.
"Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облусуна жакын жайгашкан Балыкчы шаарында сегиз миллион долларлык эт комбинаты курулууда. Ал заманбап технологиялар менен иш алып барып, жогорку сапаттагы эт өндүрөт. Комбинатта сегиз сааттык иш графигинде 100 бодо мал, 1000 баш майда жандык союуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Өлкөдө малдын саны өсүп, этке болгон муктаждык жогоруласа, үч нөөмөттө иш алып барып, күнүнө 25-30 тонна эт чыгарууга мүмкүн болот. Аталган комбинат ишке кирсе, башында 50гө чукул адам туруктуу жумуш менен камсыздалат. Мындан тышкары, 1000ге чукул фермерлер менен кыйыр түрдө иш жүргүзүлөт. Тактап айтканда, аларды малды туура багууга үйрөтүп, кайра ошолордон сырье алууну пландап жатабыз", — деди Зарыпбек уулу.
Ишкер бул комбинатты куруу үчүн Орус-Кыргыз фондунан үч миллион доллар насыя алганын кошумчалады.
2011-жылдан бери 3 281, ал эми байыл 13 айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул тууралуу Алишер Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 22 миң 100 трактор, 2 миң 200 дан комбайны, 17 миң 400 тиштүү мала, 2 миң 800 үрөн сепкич, 3 миңге чукул чөп чапкыч, 2 миңге чукул пресс жыйнагыч жана башка техника бар.
"Учурда алты лизинг долбоору бар. Бул долбоор 2011-жылдан бери иштеп жатат. Ошол убакыттан бери жалпы 5 миллиард 35 миллион сомго 3 миң 281 даана айыл чарба техникасы берилген. Бүгүнкү күндө лизингди өнүктүрүү үчүн 1,5 миллиард сомго барабар кредит топтому иштеп жатат. Аны алуу мөөнөтү 7ден 10 жылга чейин. Пайыздык чени 6дан тогузга чейин. Өздүк салым 10дон 30 пайызга чейин чыгат. Эгерде 30 пайыздан жогору өздүк салым төлөнсө, айыл чарба техникасы күрөөгө коюлат. Кайтарым шарты боюнча 3-6 айга чейин жеңилдик берилген. Негизги сумма бир жылда эки жолу, ал эми пайыздык чени ар квартал сайын төлөнөт. Быйыл лизинг үчүн 540 миллион сом бөлүнүп, учурда 13 айыл чарба техникасы берилди", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал республика боюнча 5 миң 900 трактор, 2 миң 600 комбайн жетишсиз экенин кошумчалады.
Маекти толугу менен видеодон көрсөңүз болот.
Жусуп Абрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү үчүн даярдыктар былтыртан эле башталган. Быйыл коомдук ишмерге арналган иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт. Алгач илимий конференциялар, жаштарга бул инсанды таанытуу үчүн олимпиадалар мерчемделген. Бул тууралуу Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук ишмердин 120 жылдыгына карата быйыл Ысык-Көлдө республикалык деңгээлде көк бөрү боюнча турнир өтөт.
"Бул жылы Абдрахмановдун музейин ачуу планы бар. КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына лидердин атын берүү сунушталды. Коомдук ишмердин эстелигин кичи мекенине коюуну көздөп жатабыз. Азыр Чолпон-Ата шаарынын депутаттары менен сүйлөшүлдү. Ал жердеги паркка Абдрахмановдун атын берип, музейи ачылып, эстелиги коюлат. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарларында да эстелик тургузулат. 12-мартта Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган күнүн утурлай Кувейт эл аралык университетинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" темасында конференция өтөт. Анын жыйынтыгы менен китеп чыгат. Тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин демилгеси менен "Абдрахманов — улут лидери" темасында студенттер арасында олимпиада уюштурулат", — деди Усебаев.
Ал Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столу Тарых музейинин балансына өткөрүп берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов опера жана балет театрынын аталышын өзгөртүү боюнча токтомго кол койду. Бул туурасында документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.
22-февралда "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому чыккан. Ага ылайык, "А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" "А. Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси" деп өзгөртүлгөн.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театрдын аты өзгөртүлбөгөнүн, болгону документ Юстиция министрлигиндеги маалыматка дал келтирилгенин билдирди.
"Опера жана балет театры мурда Юстиция министрлигинде "А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" деп катталган. Өкмөттүн токтому менен биз болгону документти иретке келтирдик", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.
Мындан сырткары, өкмөттүн чечими менен Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына өттү.