Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев

Ташбаев: мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 90 млн. сом казынага түшкөн

66
(жаңыланган 12:38 25.12.2020)
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев мүлктү ижарага берүү аукцион аркылуу жүргүзүлө баштаганы бюджетке түшүп жаткан каражат кыйла жогорулаганын айтты.
Ташбаев: мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн 90 млн. сом казынага түшкөн

Быйыл акционердик коомдордун дивидендинен 2 миллиард 175 миллион сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 511 миллион сом, ал эми ижарадан 90 миллион сом казынага түшкөн. Бул тууралуу Илияз Ташбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү аукцион жолу менен ишке ашырылат.

"Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери буга чейин орчундуу болчу. Анткени мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө, кайсы бир мамлекеттик мекеме, ишкана өзүнүн балансындагы мүлктү ижара алуучу менен тикелей келишим түзчү. Натыйжада мамлекеттин карамагындагы имараттарды фонд анча көзөмөлгө алчу эмес. Жакында эле бул багыттагы аракеттерди системалаштыруу боюнча бир катар чаралар көрүлгөн. Мисалы, "Аукциондук борбор" мекемеси түзүлдү. Эми бардык ижарага бериле турган мүлк сынак аркылуу, электрондук аукцион жолу менен ишке ашырылат. Мында ким жогорку бааны сунуштаса, ошого берилет. Бул жобо иштеп баштаганы бюджетке түшкөн каражат бир топ өстү. Быйыл акционердик коомдордун дивидендинен 2 миллиард 175 миллион сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 511 миллион сом, ал эми ижарадан 90 миллион сом казынага түшкөн", — деди Ташбаев.

Аткаминер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттик үлүшү бар коомдордун негизги акционери болуп саналарын кошумчалады.

66
Белгилер:
киреше, ижара, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду
Тема боюнча
Исакулов: Маммүлк фонду реформа жүргүзүп, ведомство ишин экиге бөлдү
Тулпар долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков

Акматбеков: "Тулпар" тиркемеси аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө болот

59
(жаңыланган 13:22 23.01.2021)
"Тулпар" долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков адистер Бишкек шаарынын тургундары тиркеме аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген функцияны кошуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.
Акматбеков: "Тулпар" тиркемеси аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө болот

Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.

"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.

Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.

59
Белгилер:
"Тулпар" электрондук төлөм системасы, карта, электрондук билет
Тема боюнча
Бишкекте картасыз, нак акча менен төлөнчү жол кирени кымбаттатуу пландалууда
Жаш маркетолог, ишкер Темирхан Жолонбеков

Жолонбеков: бугу жемпирлерин таштап, балдар кийимин өндүрүп баштадым

54
(жаңыланган 12:09 23.01.2021)
Жаш маркетолог, ишкер Темирхан Жолонбеков биринчи долбоорун жаап, эми балдар кийим-кечесин өндүрүп баштаганын айтты.
Жолонбеков: бугу жемпирлерин таштап балдар кийимин өндүрүп баштадым

Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.

"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.

Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.

54
Белгилер:
бизнес, ишкер
Тема боюнча
Арстанбекова: чет өлкөгө окууга тапшырчулардын максаты так болушу керек
Лабораториянын кызматкери Covid-19 тестинин үлгүлөрүн алып кетип жатат

COVID-19 расаларга ар башка таасир этет. Жаңы иликтөө

0
Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1737 бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 538 адам азиаттар, 340 адам афроамерикалыктар, 707 адам европалыктар болгон.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Лондондогу ханыша Мария атындагы университет менен Barts Health NHS фонду биргеликте изилдөө жүргүзүп, коронавирус ар кайсы этникалык топторго ар башкача таасир этерин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Изилдөөгө курагы 16 жаштан жогорку 1500дөн ашык бейтап алынган. Алар беш башка ооруканада дарыланган. Ичинен 31 пайызы азиаттар, 20 пайызы афроамерикалыктар, 40 пайызы европалыктар болгон. Иликтөө башталгандан туура бир ай өткөндөн кийин аталган топко кирген оорулуулардын ичинен 29 пайызы каза болгону аныкталган.

Эксперимент маалында азия тектүүлөрдө интенсивдүү терапия бөлүмүнө түшүп, өпкөсүн жасалма түрдө желдетүүгө 1, 54 эсе көбүрөөк муктаж болору билинген. Ушундай эле өзгөчөлүктөрдү афроамерикалыктардан байкаса болот. Аларда бул көрсөткүч 1,8 эсеге жогору болгон.

Ошондой эле азиаттар менен кара терилүүлөр арасында дагы европалыктарга салыштырмалуу өлүм көбүрөөк катталган. Азиялыктарда 1,49 пайызга болсо, афроамерикалыктарда 1,3 пайызга жогору.

Мындан тышкары, адистер ИВЛ-аппаратка жатып калуу тобокелдиги дагы жогоруда айтылган эки расада европа тектүүлөргө салыштырмалуу 50-80 пайызга жогору болгонун айтышкан.

Бирок окумуштуулар азырынча мунун себебин аныктай элек.

0
Белгилер:
өзгөчөлүк, улут, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт
Күчөп, азайып... Казакстан, Тажикстандагы COVID боюнча абал