Кургак учук менен COVID-19дун алгачкы белгилери окшош болгондуктан, туберкулез менен ооругандар аныкталбай калууда. Бул тууралуу Темир Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам кургак учукту ооруган кишиден жуктуруп же организм алсызданганда коха таякчасы ойгонуп, туберкулез менен ооруп калат.
"Акыркы жылдардын статистикасын алып карай турган болсок, Улуттук фтизиатрия борборунун көрсөтмөлөрү боюнча жылдан-жылга кургак учуктун сезимтал формасы акырындык менен азайып жатат. Бирок туберкулездун дарыга туруктуу түрү менен ооругандар өсүүдө. Дарттын сезимтал түрү 6-8 ай, ал эми дарыга туруктуусу эки жылдан ашык дарыланат. Эки жумадан ашуун жөтөлүү, алсыроо, дене табынын көтөрүлүшү, табит начарлап, арыктоо — бул илдеттин негизги белгилери. Тилекке каршы, азыр коронавирустун алгачкы симптомдору да дал ушундай болуп жатат. COVID-19га көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандыктан кургак учуктун диагностикасы кескин төмөндөп кетти. Ошондуктан келе жаткан жылы туберкулез менен ооругандардын саны көтөрүлүп кетиши мүмкүн деп ойлоп жатам. Себеби бул жылы ооруга кабылгандар аныкталбай калды", — деди Төлөгөнов.
Адис жер жүзүндө ар бир төртүнчү адамда кургак учуктун таякчасы бар экенин, ал эми илдет менен иммунитети начар кишилер ооруп каларын кошумчалады.
Микобактерия — Mycobacteriaceae тукумунуТемир Төлөгөнов туберкулез белгилери коронавирусн актиномицеттердин бир үй-бүлөсүнөн, алардын айрымдары сүт эмүүчүлөр үчүн патогендүү. Бул бактерия таксонуна грек тилиндеги "myco-" префикси тукумдун көптөгөн мүчөлөрүнүн өнүгүү этаптарынын биринде козу карынга окшош мицелий пайда кылуу жөндөмдүүлүгүнөн улам берилген.
Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.
"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.
Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Коррупцияга шектелип кармалган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берип, үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан улам анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөргөнү айтылат.
Белгилей кетсек, Ю.Б.К. жооптуу адамдар менен биргеликте чарбакер субъектилердин катышуусу менен мамлекеттик сатып алууларды жогорулатылган баада жүргүзгөн туруктуу схеманы түзүп алышканы үчүн 14-декабрда кармалган.