Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ыбыкеева: музей экспонаттарынын электрондук каталогу түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурзат Ыбыкеева
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурзат Ыбыкеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурзат Ыбыкеева өлкө боюнча 118 музей бар болсо, анын 58и мамлекеттик экенин айтты.
Ыбыкеева: музей экспонаттарынын электрондук каталогу түзүлөт

Музейдеги экспонаттардын электрондук каталогу түзүлөт. Бул тууралуу Нурзат Ыбыкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган каталогду чыгаруу келе жаткан жылга мерчемделген.

"Өлкөдө жалпысынан 118 музей бар, анын 58и мамлекеттик, ведомстволук, калгандары жеке менчик же мектептердин, окуу жайлардын алдында ачылган музейлер. Аларда сакталып турган экспонаттардын электрондук каталогун түзүү пландалууда. Каттоо, маалымат чогултуу иштери дээрлик соңуна чыгып калды. Эми каталогду жасоодогу техникалык маселелер гана ишке ашса колдонууга берилет. Аталган долбоордун толук бүткөрүлүшүн келе жаткан жылдын бюджетине киргизип жатабыз", — деди Ыбыкеева.

Ал аталган каталог баалуу музей буюмдарынын сыртка мыйзамсыз сатылып кетишине бөгөт коюучу негизги кадам болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0