КРдин өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев

Шабданбаев: Токио Олимпиадасына 21 жолдомо алуу пландалууда

82
(жаңыланган 13:16 27.12.2020)
КРдин өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев кыргызстандык спортчулар 2021-жылы Токиодо өтө турган олимпиадада 13 спорттун түрү боюнча 21 лицензия алуу пландалып жаткандыгын айтты.
Шабданбаев: Токио Олимпиадасына 21 жолдомо алуу пландалууда

Олимпиадага жолдомо утуу максатында спорттун түрлөрү боюнча КРдин чемпионаттарынын жыйынтыгында байгелүү орундарды уткан спортчулар учурда кызуу даярданып жатышат. Бул тууралуу Канат Шабданбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы кыргызстандык спортчулар эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн 50дөн ашык окуу-машыгуу жыйындарына катышты.

"Быйыл спортчуларыбыз 2021-жылы Японияда өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн лицензиялык мелдештерге барышты. Учурда өлкө чемпионатында байгелүү орундарды уткан спортчулар эл аралык мелдештерге даярданып жатышат. Алдыда дагы башка спорттун түрлөрү боюнча жолдомо алууну пландап жатабыз. Айтсак, грек-рим күрөшү боюнча дагы эки жолдомо, эркин күрөштөн эки, аялдар күрөшүнөн бир, жеңил атлетикадан эки, бокстан бир, оор атлетика боюнча бир, сууда сүзүү боюнча бир, заманбап спорттун түрүнөн бир, ок атуудан бир, жаа атуудан бир, байдарка жана каноэ менен сууда сүзүүдө бир жана фехтование боюнча бир жолдомо алабыз деген максатыбыз бар. Кыргызстандык спортчулар 24 эл аралык мелдешке катышып келишти. Анын ичинде дүйнө жана Азия чемпионаттарында күч сынашты. Карантиндик режим учурунда да мамлекеттик агенттиктин буйругу менен бардык спортчулар онлайн-форматта көзөмөлдө болуп, машыгууларын улантып жатышты", — деди Канат Шабданбаев.

Ошондой эле жетекчи окуу-машыгуу даярдыгын өткөрүү үчүн мамлекеттик агенттик тарабынан каражаттын жетишпестиги боюнча маселе жаралбаганын кошумчалады.

82
Белгилер:
лицензия, олимпиада, спорт
Тема боюнча
Токиодогу мелдешке катышчулар акысыз эмделет. Чыгымын олимпиада комитети жабат
Кесипкөй сүрөтчү Саламат Иманов

Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз

41
(жаңыланган 19:09 26.01.2021)
Кесипкөй сүрөтчү Саламат Иманов театр жана кино актёрлору тартылган, милиция кызматкерлери катышкан сериал тартып жатканын айтты.
Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз

Сценарий күчтүү болгону менен кино жаман чыгып калышы мүмкүн. Ал эми сценарий жаман болсо, тасманын мыкты болушуна таптакыр шанс жок. Ошондуктан чыгарманын маанисине тыкыр көңүл бөлүнүп, мазмуну 11 ай жазылды. Бул тууралуу Саламат Иманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сериалдын тартылышына ИИМ көмөк көрсөтүп, көпчүлүк бөлүгүндө чыныгы окуялар чагылдырылган.

"Тасманын автору мен, режиссёру Насирдин Кудайбердиев, со-продюссер Баатыр Батиков болуп 2019-жылы сериал тартып баштадык. Бизде медицина, билим берүү жана милициянын жумушу эң көйгөйлүү тармак экен. Ошентип биздин милициянын абалын чагылдырууну чечтик. Өнүккөн өлкөлөрдө бул кесиптин ээси болуш сыймык. Алардын айткан сөзүн угуп, эл сыйлайт. Ал эми бизде таптакыр тескери. Акыркы учурда аларга болгон ишеним, урмат жоголду. Тартип сакчылар коомдук тартипти сактап, кылмыштын бетин ачып, биздин коопсуздугубуз үчүн жан үрөп жатса, биз аларды жек көрөбүз. Биздин долбоордун максаты - милиция кызматкерлеринин аброюн жогорулатуу жана жакшы ниет менен ант берип, погон тагынган кызматкерлер эли үчүн ак иштеп берүүсүнө түрткү болуу. Долбоордун соңунда калк арасында милиция тууралуу башкача ой калыптанып, келечек муун дагы бул кесипти жакшы көрүп калат деген ишеничтебиз. Кинокартина 12 сериядан туруп, хронометражы 40 мүнөттөн узак. Менимче, Кыргызстанда мындай жанрдагы масштабдуу сериал мурда тартылган эмес", — деди Иманов.

Ал аталган сериалдын тартуу иштеринин жарымынан көбү тартылып бүткөнүн, февралдын ичинде коомдун назарына коюларын кошумчалады.

41
Белгилер:
сериал, тасма, сүрөтчү
Тема боюнча
"Акыркы көч" Дакка эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасма деп аталды
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт

14
(жаңыланган 16:40 26.01.2021)
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов коронавирустан улам жаралган экономикалык кризис ЕАЭБге олуттуу таасирин тийгизбейт деген пикирин айтты.
Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт

Учурда дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистен өзгөчө батыш мамлекеттери жабыркап жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин Кытай мамлекети менен болгон алакасы уюмга кризистен чыгууга жакшы көмөкчү болуп бере алат.

"Дүйнөдө 2019-жылдан тарта бир нече убакытка созулган экономикалык кризис болору мурдатан эле айтылып келген. Бирок ал кезде пандемия тууралуу сөз жок эле. Андыктан азыр башыбыздан кечирип жаткан тартыштыкты коронакризис деп атоо туура эмес болуп калат. Вирустун жайылышы жөн гана ушул алдын ала божомолдонгон каржы тартыштыгынын себеби катары каралып калды. Кандай болгон күндө да бул кризистен батыш өлкөлөрү өзгөчө жабыр тартып жатат. Ал эми ЕАЭБге келе турган болсок, уюм анчейин деле чоң жоготууларга учурабай, сезилерлик экономикалык секириктерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар жана мындан колдонот деп ойлойм. Дүйнөлүк банктын билдирүүсү боюнча, 2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз мамлекет Кытай деп аталды. ЕАЭБдин бул өлкө менен алакасы бекем. Андыктан биримдик менен Кытай эки тарапка тең пайдалуу боло турган аракеттерди ишке ашырат", — деди Бактыгулов.

Серепчи ЕАЭБди келечеги кең уюм деп кошумчалады.

14
Белгилер:
мүмкүнчүлүк, кризис, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат
АКШнын аскер кызматкери. Архив

"Мындай кадам башынан анык эле": эмне үчүн Түндүккө басым жасалууда?

0
(жаңыланган 13:20 27.01.2021)
АКШ армиясы россиялык чек араларга жакын Норвегиядагы ордун бекемдөөдө. Январда ушул жакка миң чакты деңиз пехотачысы түшүрүлгөн.

Ошону менен бирге эле америкалык саясатчылар жана генералдар Арктикадагы чыңалуунун курчуп баратканын билдиришет, эксперттердин пикиринде, андай абалды өздөрү жаратууда. Пентагон Норвегияны эмнеге даярдап жатканын Николай Протопопов талдап көрүүгө аракеттенген.

Викингдерге мейманга

Деңиз пехотачылары ротациянын алкагында Түндүк Каролинадан Норвегияга жайгашууда. Америкалыктар мындай амалды бир нече жылдан бери жасап келет, бир бөлүктүн ордун экинчиси басып, айтор АКШнын аскердик контингенти иш жүзүндө дайым бул өлкөдө.

Норвегиялык инструкторлордун жетекчилигиндеги деңиз пехотачыларынын милдети Арктиканын катаал шарттарында аскердик аракеттерди аткарууну үйрөнүү жана НАТОдогу кесиптештери менен тыгыз аракеттешүүгө машыгуу.

Келерки айда он миңдин тегерегиндеги америкалык, норвегиялык, ошондой эле голландиялык жана англиялык жоокер катышкан Joint Viking 2021 масштабдуу машыгуусу өтөт.

НАТОчулар узун аралыкка ыкчам жетүүгө машыгып, бардык деңгээлде маалымат алмашуу ыкмаларын өздөштүрүп, биргелешкен операцияларды өткөрөт.

JointViking машыгуулары жыл сайын өткөрүлөт. Күчтөр — сооттолгон техника, артиллерия, авиация, кеме жана суу түбүндөгү кайыктар — жүздөгөн чарчы чакырымдык аймакта жогорку интенсивдүүлүктөгү согуштук аракеттерге, айрыкча токойлуу жана тоолуу жерлерде машыгышат.

Аскердик эксперт Александр Жилин белгилегендей, АКШнын аскердик доктринасына ылайык, алардын армиясы негизинен чет өлкөлөрдө согушууну өздөштүрөт.

"Ошондуктан мамлекеттик саясат америкалык аскерлер согуштук аракеттер, чалгындоо, аэродромдорду айланып учуу, деңиз жолдорун айланып сүзүүгө машыгуу үчүн бөлөк өлкөлөргө туруктуу барып турушуна ылайыкталып түзүлөт, — деп түшүндүрөт ал. — Биргелешкен операцияларга өзгөчө көңүл бурулат, анткени АКШ дайым бирөөнүн колу менен согушат". Эксперттин айтымында, Пентагон кырдаалды жасалма жол менен курчутат, анткени АКШ жана НАТО Арктикадан орун алууга умтулуусунан түк кайткысы жок.

"Деңиз пехотачылары коргонууга эмес, чабуул коюуга машыгышат, — деген ойдо Жилин. — Анын ичинде Россияга каршы да машыгышат. Эгер НАТОнун Европадагы окууларын жалпысынан талдап көрсөк, мындай машыгууларды Москва үчүн кыйын зоналарды жаратуу үчүн уюштурушканы айдан ачык. РФ армиясы айрыкча Норвегияда орун алган көрүнүштөр боюнча чара көрбөй кое албайт. Паникага алдырбайт, бирок күч жана каражаттарын алаксытат. Кандайдыр чагымчылдыктарга жол бербөө үчүн биз кырдаалды толук көзөмөлдөөгө тийишпиз".

Түндүк плацдарм

"Валдай" аналитикалык клубунун эксперти Артем Куреев Аляскада америкалыктардын Арктикадагы согуштук аракеттердин тактикасына машыгуу үчүн өздөрүнүн өнүккөн инфраструктурасы бар экенин белгилейт. Бирок баары бир алар Норвегияда машыгууну туура көрүшөт.

"Бул аларга НАТО лидери катары зарыл, — деп белгилейт Куреев. — Норвегия — альянстын эзелки мүчөсү. Осло Россияны болжолдуу душманы катары көрөт. Кансыз согуш жылдары эле норвегиялыктар Арктикада СССРге каршы аракет этүү үчүн инфраструктура түзүп, колдоп келген. Ошол дале уланууда. Абал чындап курчуп кетсе, Түндүк Норвегия дароо россиялык Мурманскиге карай жолдо НАТОнун негизги плацдармына айланат".

Вашингтон Арктикадан башка өлкөлөрдү сүрүп бекем орун алууга аракет кылат, муну жаңы Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жана Деңиз пехотасы корпусунун Арктикалык стратегиясы да тастыктайт. Атап айтканда, анда "арктикалык аймактагы аскердик-деңиз күчтөрү болбосо, тынчтык жана өнүгүүгө Россия менен Кытай тараптан коркунуч көбөйөрү" айтылат.

АКШ Аскердик-деңиз күчтөрүнүн министри Кеннет Брейтуэйт белгилегендей, россиялык жээктерге жакын акваторияны күзөтүү жана "Ыраакы Түндүккө Москванын чабуулун" бөгөттөө үчүн Пентагон Арктикада аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктарды туруктуу түрдө кармоону пландайт. Ошону менен бирге эле Арктикада жердеги кубаттуу күчтөрдү да топтойт.

Норвегиянын коргоо министри Франк Бакке-Йенсен өз кезегинде өлкөнүн коопсуздук саясатындагы негизги багыттар — Арктика жана Россиянын аймактагы ишмердиги, ал эми трансатлантикалык байланыш мында — маанилүү бөлүк экенин белгилеген. Айтымында, Норвегия НАТОдогу союздаштарынын Ыраакы Түндүктө жайгашуусун күчөтүүнү кубаттайт.

"АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү, деңиз пехотасы, атайын бөлүктөрү, аскердик аба жана космостук күчтөрү менен катар Арктикада санаалаштарыбыз менен стратегиялык аракеттешүүнү өнүктүрөбүз, — дейт министр. — Бул Ыраакы Түндүктө союздук аскердик-деңиз жана аба күчтөрүнүн машыгууларын мезгил-мезгили менен өткөрүүнү болжойт. Норвегия бул иш-чараларга катышып, союздаштары менен оперативдүү шайкештикти жогорулатууга ниеттенет".

Чар тараптан

АКШ Түндүктө ордун олуттуу түрдө бекемдегенин белгилеп коюу зарыл. Норвегия мында дээрлик негизги ролду ойнойт. Өткөн жылы сентябрда норвегиялык Тромсе портуна Seawolf классындагы атомдук субмаринасынын жайгашышы кабарланган. Анын негизги вазийпасы — суу түбүндөгү россиялык кайыктардын багытына байкоо салуу.

Ал эми АКШ мурда "Түндүктө Россияны ооздуктоо үчүн" Экинчи флотту калыптандырган. Ал кезегинде Атлантика, Тынч океандын бир бөлүгү, Түндүк муз океандарындагы абалга көз салган. Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө үчүн ал флот 2011-жылы жоюлган.

Кансыз согуштун дагы бир изи — россиялык чек арадан болгону 350 чакырымдык аралыкта жайгашкан жер алдындагы норвегиялык Олавсверн аскердик-деңиз базасы.

1960-жылы курулган жана үч жүз метрлик катмардуу тоо тек менен корголгон эбегейсиз бункерде НАТОнун субмариналары жана кемелери жайгашып, ремонттук док иштеп, ок-дары сакталган. Каалаган убакта батыш коалициясынын флоту советтик Аскердик-деңиз флотуна Норвегиялык деңизге жана Түндүк Атлантикага чыгуучу жолду бөгөп кое алган. 2000-жылдардын аягында база керексиз деп жабылып, бирок эми кайрадан калыптандырууну пландоодо.

Пентагон Арктикада аскердик-аба жагдайын күчтөндүрүүнү олуттуу түрдө колго алды. Өткөн жылы америкалык жана норвегиялык Аскердик-аба күчтөрүнүн масштабдуу машыгуулары өткөн.

Дароо алты B-52 Stratofortress стратегиялык бомбалоочу Түндүк уюлду айланып, Норвегиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн истребителдери менен машыгышты. Ал эми жакында эле Пентагон кийинки айда Техастан Норвегиядагы "Эрланн" авиабазасына үндөн ыкчам төрт B-1Blancer "стратегин" жеткирери белгилүү болду.

0
Белгилер:
машыгуу, НАТО, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россиянын С-400 тутуму төртүнчү өлкөнү "багындырууда". Мындан ары эмне болот?
Согуш отун тутантууга маш НАТО, чырдын алдын алып келген Россия. Абалга сереп