Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун аналитикалык департаментинин эксперти Акай Сакебай

Акай Сакебай: фонд берген насыянын 75%ы айыл чарбасына туура келди

20
(жаңыланган 13:47 28.12.2020)
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун аналитикалык департаментинин эксперти Акай Сакебай насыялардын 15 пайызы гана Бишкек шаарына, калганы аймактарга берилгенин маалымдады.
Акай Сакебай: фонд берген насыянын 75%ы айыл чарбасына туура келди

Быйыл Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан берилген насыялардын 75 пайызы айыл чарбасына туура келди. Бул тууралуу Акай Сакебай Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фонд эпидемиологиялык абалга байланыштуу антикризистик план түзүп, ошого ылайык иш алып барган.

"Коронавирустук пандемияга байланыштуу өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилгенде Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгы антикризистик чараларды кабыл алган. Ага ылайык, фонддон тикелей насыя алган кардарларга жеңилдик берүү каралган болчу. Ошондой эле чакан жана орто бизнеске жеңилдиктер берилген. Анын алкагында үч айлык пайызды төлөөгө мораторий киргизилип, төлөм убактысы узартылган. Мындан тышкары, туризм тармагындагы долбоорлордун баарынын пайыздык төлөмү жылдын соңуна чейин токтотулган. Быйыл фонд тарабынан берилген насыялардын 75 пайызы айыл чарбасына туура келди. Ошондой эле Бишкек шаарына 15 пайызы, калганы аймактарга берилди", — деди Сакебай.

Эксперт коронавирус менен күрөшүү багытында иш алып барган ишканаларга жеңилдетилген насыя берүү колго алынганын кошумчалады.

20
Белгилер:
айыл чарба, коронавирус, туризм, насыя
Тема боюнча
Евразиялык фонд Кыргызстанга 3 миллион доллар грант бермей болду
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив

Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

6
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова борбор калаада мэрияга караштуу 97 орто билим берүү мектеби бар экендигин айтты.
Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.

"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.

Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.

6
Белгилер:
коронавирус, мектеп, Бишкек, Чынара Исакова
Тема боюнча
Абдылдаева: 2100 мектеп реалдуу режимде окуусун баштады
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары, улук лейтенант Дастан Женгенбеков. Архив

Женгенбеков: Дача-СУ кырсыгында элдин ынтымагы көзгө жаш алдырды

6
(жаңыланган 11:34 16.01.2021)
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысынын орун басары, улук лейтенант Дастан Женгенбеков 2017-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушунда болуп өткөн кырсык тууралуу эскерди.
Женгенбеков: Дача-СУ кырсыгында элдин ынтымагы көзгө жаш алдырды

Дача-СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.

"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.

Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача-СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.

Sputnik агенттиги Дача-СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.

6
Белгилер:
куткаруучу, ӨКМ, кырсык, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери
Тема боюнча
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

0
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

0
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди