Быйыл ипотека алуу үчүн 20дан ашуун адам пенсиялык топтомун алды. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, пенсияга топтолуп жаткан каражаттын эсебинен ипотекалык кредиттин алгачкы төлөмүн төгүү үчүн пайдаланса болот.
"Өкмөттүн токтому менен топтомо фонддун каражаттарын кайтарып берүү эрежелери өзгөртүлгөн. Буга чейин жашы пенсия курагына жеткендер, чет мамлекетке туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткендер жана каза болуп калган адамдын мураскерлерине төлөнүп берилчү. Анан кайрылууларды талдап көрсөк, жаштардын көпчүлүгү турак жайга муктаж экен. Мындан улам пенсиянын топтомо бөлүгүнө өзгөртүү киргизилди. Учурда топтомо фонддогу каражат 50 миң сомдон ашса, ипотекалык насыя алууга колдонууга болот. Бул 50 миң сом ипотеканын алгачкы төлөмүнүн минималдуу көрсөткүчүнө туура келет. Быйыл 20дан ашык жаран бул укуктан пайдаланды. Мындан тышкары, катуу дартка чалдыгып калгандар канча топтому болсо ошону алса болот, суммасына чек коюлбайт. Кайсы ооруга чалдыккандар ала алыша тургандыгы Саламаттык сактоо министрлиги менен такталган тизмесинде көрсөтүлгөн. Бирок бул каражат дарылап жаткан мекеменин же банктын эсебине которулуп, жарандардын колуна берилбейт", — деди Мукамбетов.
Ошондой эле ал топтомо фонддун каражаты кайтарылган соң пенсияга кайра башынан топтолорун кошумчалады.
Туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн дүйнөлүк деңгээлде 17 глобалдык максат кабыл алынган. Бул максаттар экономикалык бирдей өсүү, инновация, туруктуу керектөө, тынчтык жана адилеттик сыяктуу маанилүү багыттарды камтыйт. Бул тууралуу Асел Акматалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда Улуттук статистиканын ролу чоң.
"БУУ тарабынан кабыл алынган, өлкөлөрдү туруктуу өнүгүү жолуна салуу программасын камтыган документ бар. Кыргызстан дагы улуттук деңгээлде аталган документтеги коюлган максаттарды ишке ашырууга далалаттанып келет. 2020-жылы БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда Кыргызстандын 2030-жылга чейинки ишке ашырышы керек болгон милдеттемелери сунушталды. Бул документте теңсиздикти, кедейчиликти кыскартуу, ачкачылыкты жоюу, адам укуктары жана соттук коргоону камсыз кылуу, жаратылышка болгон тобокелчиликти азайтуу, коомго пайдалуу көндүмдөрдү жана билимди арттыруу, жумуш орундарын түзүү, гендердик теңчилик боюнча улуттук планды ишке ашыруу пландары камтылган", — деди Акматалиева.
Ал Улуттук статистика комитети туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жооптуу орган болуп саналарын кошумчалады.
Өлкөдө түрдүү иш кагаздарын, кино, фото, фоно документтерди сактай турган архивдик жай толуп калган. Учурда жаңы имарат куруу маселеси курч болуп турат. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактарда республикалык маанидеги 65 архив бөлүмү бар. Мындан сырткары, 3000ден ашуун ар кайсы мекемелердин өздүк архивдеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү да аталган агенттик көзөмөлдөйт.
"Архив агенттигинде 4 миллиондон ашуун сактоо көлөм бирдигиндеги документтер бар. Улуттук архив фонду күндөн-күнгө чоңоё берүүчү мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. Ар бир тарыхый окуяны тастыктаган иш кагаздары мына ушул жерде сакталган. Эгемендүүлүк алгандан кийинки материалдар өзгөчө баалуулукка 50-60 жылдан кийин жетет. Бирок, тилекке каршы, биздеги чоң көйгөй мындан ары архивдик документтерди сактай турган жердин жоктугу болууда. Бардык мекеме, жайларыбыз толуп калды. Архив агенттиги дотацияда отурган мамлекеттик орган болгондуктан көп жылдан бери жаңы имарат куруу боюнча маселе көтөрүлүп, бирок ишке ашпай жатат", — деди Ырысалиев.
Адис жер тилкеси бөлүнгөнүн, аны документтештирүү иштери жыйынтыкталып калганы менен курулушу качан башталары белгисиз болуп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.