Жаш режиссер Айзада Алымбек кызы

Алымбек кызы: дебюттук тасмамды табигый жарыктын жардамы менен тарттым

97
Жаш режиссер Айзада Алымбек кызы "Үмүт" кинофорумунда "Мыкты режиссура" номинациясын жеңип алган "Кат" тасмасы толук күндүн табигый нуру менен тартылганын айтты.
Алымбек кызы: дебюттук тасмамды табигый жарыктын жардамы менен тарттым

Мастерим Марат Сарулу, операторум Эрнест Мамытов болуп кинокартинаны жасалма жарыкты колдонбостон тартууну туура көрдүк. Андыктан фильмди күндүн чыгышына жараша тартып жаттык. Биздин эң негизги кыйынчылыгыбыз ушул болду. Бул тууралуу Айзада Алымбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кинокартина алты күндүн ичинде Чоң Кеминде тартылган.

"Кино тармагына кичинемден бери кызыгам. Апам да "бала кезиңде кагазды ороп алып дүрбү кылып, сүрөткө тартып жатам деп ойноп калчусуң" деп калат. Кино тартам дечүмүн, бирок режиссер деген кесип бар экенин билчү эмесмин. Ошентип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде беш жыл билим алдым. Окуу жай "Кыргызфильм" менен биргеликте иш алып баргандыктан, окуп жүргөндө эле кино тармагына аралашып кеттим. Буга чейин курстук иштерди тартып жүргөм. "Кат" чыгармасы алгачкы кинотасмам болуп калды. Анда үй-бүлөдөгү маселелер чагылдырылган. Тасманын өзгөчөлүгү – кошумча жарыкты колдонбостон, толугу менен күндүн табигый нуру менен тартылды. Кинофорумда калыстар тобуна тасма көрсөтүлүп жатканда техникалык мүчүлүштүктөр болду. Бирок ошого карабастан жюрилер менин эмне айтайын дегенимди түшүнүп, "Мыкты режиссура" номинациясын ыйгарышты. Алар оператордун ишин, командалык жумушту да баалашты", – деди Алымбек кызы.

Режиссер келечекте автордук чыгармаларды көбүрөөк жараткысы келерин кошумчалады.

97
Белгилер:
тасма, "Үмүт" кинофоруму, кат
Тема боюнча
Мамытова: "100гө чукул режиссёр "Үмүт" кинофорумуна катышуу ниетин билдирди
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: жаман китеп болбойт

16
(жаңыланган 12:28 25.01.2021)
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова "жаман китеп" деген түшүнүк жоктугун,  жаман окурман болушу мүмкүн экендигин айтты.
Садыкулова: жаман китеп болбойт

Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.

"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.

Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.

16
Белгилер:
жаштар, билим, китеп
Тема боюнча
Өлкөдө көзү азиздер үчүн окуу китептер басып чыгарылды
Экономист Нургүл Акимова

Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

64
Экономист Нургүл Акимова учурдагы экономикалык кризистен чыгуу үчүн саясий туруктуулук камсыздалышы зарыл экендигин белгиледи.
Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.

"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.

Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.

64
Белгилер:
сот, ишкер, экономика, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Бишкекте тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды

Бишкекте ири курулуш компания көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай куруп келген

0
(жаңыланган 15:09 25.01.2021)
Жеке курулуш компания тарабынан мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулганы аныкталган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкекте тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

  • Незаконное строительство многоэтажных домов в Бишкеке
    Бишкекте тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Незаконное строительство многоэтажных домов в Бишкеке
    Маалыматка караганда, мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Незаконное строительство многоэтажных домов в Бишкеке
    Мыйзамсыз курулган имараттар, курулуш компаниянын эсебинен эч кандай компенсация төлөнбөстөн милдеттүү түрдө бузулушу мүмкүн экени айтылды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Незаконное строительство многоэтажных домов в Бишкеке
    Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Бишкекте тиешелүү кызматтардын колдоосуна ээ болуп алып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген ири курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди

Маалыматка караганда, мыйзамсыз курулган объектилер коммуналдык кызматтарга белгиленген ченемдерди бузуу менен кошулган.

"Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер келечекте жашоочулардын ден соолугуна жана жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат. Бул көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуусунун дал келбестигинен улам Бишкек шаарынын экологиялык абалынын курчушун, абада чаңдын көбөйүшүн шарттайт", — деп жазылат маалыматта.

Мыйзамсыз курулган имараттар, курулуш компаниянын эсебинен эч кандай компенсация төлөнбөстөн милдеттүү түрдө бузулушу мүмкүн экени айтылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

0
Белгилер:
бузуу, турак үй, коррупция, курулуш, мыйзамсыз
Тема боюнча
Жең ичинен сүйлөшүп, үй курмак болушкан. УКМК "Эркин-Тоо" боюнча иш козгоду