"Кыргызтест" мамлекеттик ишканасын түзүү аркылуу бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүү деңгээли сертификат менен аныкталып калды. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2019-жылы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер А1 деңгээлиндеги сертификат алышкан.
"Президенттин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 жарлыгы менен КРдин мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн саясатын аныктаган улуттук программа кабыл алынган. Ал улуттук программада 160 иш-чара белгиленген. Өкмөттүн токтому менен индикатор бекитилген. Анын дээрлик басымдуу бөлүгү аткарылды. Быйыл 2014-2020 Улуттук программасы аяктап жатат. Иштин жүрүшүндө олуттуу көп жумуш аткарылды. Алардын эң башкысы — 2018-жылдан тартып өкмөттүн чечимине ылайык бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүү деңгээлине жараша сертификат алышты. Быйыл А2, ал эми 2022-жылы мамкызматкерлер В2 деңгээлиндеги сертификат алышы керек. Эгер бул сертификат жок болсо, алардын кызмат абалы жөнүндө маселе каралат. Максаты — иш-кагаздарынын сандык жана сапаттык деңгээлин көтөрүү. Мисалы, жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү иш кагаздары 35 пайыз гана мамлекеттик тилде жүрүп жатканы аныкталды", — деди Ишекеев.
Ошондой эле жетекчи мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилинде эркин жазып жана сүйлөй алышы керектигин кошумчалады.
Өлкөдө 65 мамлекеттик, 3000ден ашуун ведомстволук архивдер болсо, анда иштеген адистердин 12синин гана тиешелүү багытта диплому бар. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Архив агенттигинин өзүндө эле республика боюнча 500дөй кызматкер эмгектенет.
"Архив агенттигиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси. Учурда архивист деген дипломдун ээси, башкача айтканда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана сактоо боюнча атайын билими бар 12 гана кызматкерибиз иштейт. Алар мындан бир топ жыл мурда Кусеин Карасаев атындагы БГУда ачылган архивист факультетинен билим алгандар. Тилекке каршы, бул окуу бөлүмү 4-5 жылдан кийин жабылып калган. Азыр республикадагы бир дагы окуу жай бул кесипке адис даярдабайт. Андыктан биз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, адистерибизди кыска мөөнөттүү же квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жиберүүгө аргасызбыз. Бул маселе боюнча Түркия жана Россия менен тыгыз иштешүү алдында турабыз. Россияга аспирантурадан билимин тереңдетип келүү үчүн бизде иштеп жаткан ошол дипломдуу 12 адисти жиберүү боюнча макулдашылды", — деди Ырысалиев.
Адис эл аралык же жеке менчик багыттагы компаниялар да архив кызматкерин жумушка алуу боюнча кайрылуу жолдошорун, бирок бул багытта кадрдык резерв жок экендигин кошумчалады.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.
"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.