Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эсенгулова: майонездин курамындагы синтезделген май оңой менен сиңбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист по гигиене пищевых продуктов Кундуз Эсенгулова
Специалист по гигиене пищевых продуктов Кундуз Эсенгулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн адиси Кундуз Эсенгулова жашыл чөптөр тамак сиңирүүгө жакшы жардам берерин айтты.

Кыргызстандыктардын рациону көбүнчө камыр жана эт азыктарынан турат. Жер-жемиштерди да кошууну сунуштайт элем. Бул тууралуу Кундуз Эсенгулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эсенгулова: майонездин курамындагы синтезделген май оңой менен сиңбейт

Анын айтымында, эртең мененки тамактан баш тартуу бара-бара ашказан ооруларын пайда кылат.

"Азыр жаштар тез даярдалуучу тамакка басым жасайт. Алсак, гамбургерге майонез, кетчуп көп кошулат. Анын курамында транжир — жасалма синтезделген май бар. Бул маргаринде да болот. Сиңиши өтө кыйын болгондуктан адамдын организминен чыкпай инфекциялык эмес ооруларга алып келет. Алсак, кант диабети, семирүү, түрдүү онкологиялык илдеттерди чакырат. Туура тамактануу үчүн кээ бир азыктарды алуу кымбат болуп жатса, башкасына алмаштырган оң. Мисалы, эттин ордуна фасоль жесеңиздер болот. Рационго сүт азыктарын, жумуртка, тооктун этин кошуп, кышкысын какты кайнатып компот ичиңиздер. Азыр жаңы жылда майрамдык дасторконго оливье салаты коюлуп жатат. Муну ченеми менен жеген туура. Салаттарды аз-аздан жасап коюп жеген оң. Эң жакшысы, жашылчадан жасалганына басым жасаңыздар. Албетте, ашыкча тоюп алуу салмак кошууга алып келет", — деди Эсенгулова.

Адис даяр тамак үч саат бөлмө температурасында, андан кийин дароо муздаткычка салынышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0