Эстрада ырчысы Урмат Усенов

Усенов: техникалык жактан шарт түзүлсө эле фонограмма жоюлмак

38
Эстрада ырчысы Урмат Усенов техникалык жактан шарт түзүлүп туруп, анан талап болсо фонограмманы жоюуга өнөр адамдары даяр экенин айтты.
Усенов: техникалык жактан шарт түзүлсө эле фонограмма жоюлмак

Фонограмманы жоюу иш-аракети мен эс тарткандан бери эле айтылып келе жатат. Жөн гана демилге алып чыкпастан анын ишке ашуу механизмин сунушташ керек. Бул тууралуу Урмат Усенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фонограмманы жоюу ага тыюу салуу менен эле ишке ашып калбайт.

"Фонограмманы жоюу менен биз анын тескери эффектисин көрүшүбүз мүмкүн. Артисттердин максаты эң биринчи кезекте угармандарына жакшы маанай тартуулоо болуп эсептелет эмеспи. Чынында фонограмманын жоюлушу бизге чоң ийгиликтерди, өсүүнү алып келет эле. Мунун артында маданият өкүлүнүн чыгармачылыгы, ошону менен бирге техникалык база да жакшырмак. Фонограмма жоголсо өнөр жаатындагы адамдар "фильтрден" өтөт деп ойлошот. Жок, тескерисинче, анын артынан артист изденип, дагы да талантын таптаганга умтулмак. Мисалы, 2012-жылдары Кытайга 20 күнгө гастролдоп барып калдык. Ал жакта бул жаатта талап катуу, шарттар да түзүлгөн. Ошол убакыт аралыгында чогуу барган артисттердин тобу кадимкидей тарбияланып, көнүп да кеттик. Ошондуктан техникалык жактан шарт түзүлүп туруп анан талап болсо, сөзсүз түрдө бул демилгени ишке ашыруу оңой", — деди Усенов.

Ырчы, тилекке каршы, азыркы учурда артисттер үчүн той-салтанаттар маданий арена болуп калганын жана жакшы техника ошол ресторандарда экендигин кошумчалады.

38
Белгилер:
үн, эстрада, Урмат Усенов
Тема боюнча
Кочкордогу "Чолпон" кинотеатры 50 жылда биринчи жолу ремонттолду. Сүрөт
Кесипкөй сүрөтчү Саламат Иманов

Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз

41
(жаңыланган 19:09 26.01.2021)
Кесипкөй сүрөтчү Саламат Иманов театр жана кино актёрлору тартылган, милиция кызматкерлери катышкан сериал тартып жатканын айтты.
Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз

Сценарий күчтүү болгону менен кино жаман чыгып калышы мүмкүн. Ал эми сценарий жаман болсо, тасманын мыкты болушуна таптакыр шанс жок. Ошондуктан чыгарманын маанисине тыкыр көңүл бөлүнүп, мазмуну 11 ай жазылды. Бул тууралуу Саламат Иманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сериалдын тартылышына ИИМ көмөк көрсөтүп, көпчүлүк бөлүгүндө чыныгы окуялар чагылдырылган.

"Тасманын автору мен, режиссёру Насирдин Кудайбердиев, со-продюссер Баатыр Батиков болуп 2019-жылы сериал тартып баштадык. Бизде медицина, билим берүү жана милициянын жумушу эң көйгөйлүү тармак экен. Ошентип биздин милициянын абалын чагылдырууну чечтик. Өнүккөн өлкөлөрдө бул кесиптин ээси болуш сыймык. Алардын айткан сөзүн угуп, эл сыйлайт. Ал эми бизде таптакыр тескери. Акыркы учурда аларга болгон ишеним, урмат жоголду. Тартип сакчылар коомдук тартипти сактап, кылмыштын бетин ачып, биздин коопсуздугубуз үчүн жан үрөп жатса, биз аларды жек көрөбүз. Биздин долбоордун максаты - милиция кызматкерлеринин аброюн жогорулатуу жана жакшы ниет менен ант берип, погон тагынган кызматкерлер эли үчүн ак иштеп берүүсүнө түрткү болуу. Долбоордун соңунда калк арасында милиция тууралуу башкача ой калыптанып, келечек муун дагы бул кесипти жакшы көрүп калат деген ишеничтебиз. Кинокартина 12 сериядан туруп, хронометражы 40 мүнөттөн узак. Менимче, Кыргызстанда мындай жанрдагы масштабдуу сериал мурда тартылган эмес", — деди Иманов.

Ал аталган сериалдын тартуу иштеринин жарымынан көбү тартылып бүткөнүн, февралдын ичинде коомдун назарына коюларын кошумчалады.

41
Белгилер:
сериал, тасма, сүрөтчү
Тема боюнча
"Акыркы көч" Дакка эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасма деп аталды
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт

12
(жаңыланган 16:40 26.01.2021)
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов коронавирустан улам жаралган экономикалык кризис ЕАЭБге олуттуу таасирин тийгизбейт деген пикирин айтты.
Бактыгулов: учурдагы экономикалык кризис ЕАЭБге анчейин таасирин тийгизбейт

Учурда дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистен өзгөчө батыш мамлекеттери жабыркап жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин Кытай мамлекети менен болгон алакасы уюмга кризистен чыгууга жакшы көмөкчү болуп бере алат.

"Дүйнөдө 2019-жылдан тарта бир нече убакытка созулган экономикалык кризис болору мурдатан эле айтылып келген. Бирок ал кезде пандемия тууралуу сөз жок эле. Андыктан азыр башыбыздан кечирип жаткан тартыштыкты коронакризис деп атоо туура эмес болуп калат. Вирустун жайылышы жөн гана ушул алдын ала божомолдонгон каржы тартыштыгынын себеби катары каралып калды. Кандай болгон күндө да бул кризистен батыш өлкөлөрү өзгөчө жабыр тартып жатат. Ал эми ЕАЭБге келе турган болсок, уюм анчейин деле чоң жоготууларга учурабай, сезилерлик экономикалык секириктерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар жана мындан колдонот деп ойлойм. Дүйнөлүк банктын билдирүүсү боюнча, 2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз мамлекет Кытай деп аталды. ЕАЭБдин бул өлкө менен алакасы бекем. Андыктан биримдик менен Кытай эки тарапка тең пайдалуу боло турган аракеттерди ишке ашырат", — деди Бактыгулов.

Серепчи ЕАЭБди келечеги кең уюм деп кошумчалады.

12
Белгилер:
мүмкүнчүлүк, кризис, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Шерадил Бактыгулов
Тема боюнча
Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат
Жогорку Кеңеш. Архив

Жогорку Кеңеште жаңы вице-спикер шайланууда. Көрсөтүлгөн талапкерлер

0
(жаңыланган 12:24 27.01.2021)
Төраганын орун басары кызматына парламенттин оппозициялык фракцияларынын квотасы менен көрсөтүлүп, шайланат.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары вице-спикерди шайлап жатат.

Төраганын орун басары кызматына оппозициялык фракциялардын квотасы менен көрсөтүлөт. "Ата Мекен" фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди, "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы Уланбек Исмаиловдун талапкерлигин сунуштады.

Мурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров белгисиз себептерден улам өткөн жылдын 23-декабрында кызматын тапшырып кеткен.

0
Белгилер:
депутат, талапкер, шайлоо, вице-спикер, Жогорку Кеңеш, Мирлан Бакиров, Нурбек Сыдыгалиев, Уланбек Исмаилов
Тема боюнча
Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт
Аягына чейин иштесеңиз болмок. Касымалиева кызматтан кеткен Бакировго кайрылды