Коронавирус жаңы башталганда биз анын кандай оору, кантип дарылоо керектигин түшүнчү эмес элек. Анын үстүнө бизде инфекционисттерге көңүл бурулуп, даярдалган эмес. Азыр жалпы 38 миң дарыгерди COVID-19ду дарылоо боюнча окуудан өткөрдүк. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жылы үч инфекциялык оорукананын экөө ишке берилип, бирөөнүн курулуш иштери 85 пайызга аяктап, 14 бейтапкана капиталдык ремонттон өткөн.
"Коронавирус биз менен дагы узак убакытка болот. Адистер бул илдет менен үч жылга чейин алышарыбызды айтышууда. Вирус менен күрөшүүнү жеңилдетип жана адамдар бири-бирине жуктурбаш үчүн министрлик алгач калкты вакцинациядан өткөрүүнү көздөп жатат. Мен Россиянын саламаттык сактоо министри менен жолукканда "Спутник V" вакцинасынын 500 миң даанасын берүү боюнча келишим түздүк. Новосибирск менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул багытта COVAX эл аралык альянс менен да кызматташуудабыз. Келишимдер аткарылса, жаз айларында биринчилерден болуп калктын аялуу катмарын эмдейбиз. Биз алып жаткан вакцина эл үчүн жетишсиз. Ошондуктан Россиянын саламаттык сактоо министри менен сүйлөшүп, бизге вакцина чыгарган завод курганга уруксат берүүсүн айттым. Мындай практика кошуна өлкөлөрдө да колдонулуп жатат. Завод куруп алсак бир гана коронавирус үчүн эмес, башка гепатит, сасык тумоо жана пневмококк оорусуна каршы эмдөө каражаттарын өндүрмөк элек", — деди Бейшеналиев.
Министр жалпы Тез жардам кызматына буга чейин 19, жакында эле 37 унаа, 12 реанимобиль сатып алынганын жана РФтин Саламаттык сактоо министрлиги берген үч миллион доллар грантка дагы 110 тез жардам унаасы сатып алынарын кошумчалады.
Жерүйдө чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.
"Жерүйдө чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог уюштурулду. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар Жерүйдүн жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.
Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.