Мектеп окуучуларынын билим деңгээли жогору болсо, демек ошол окуу жайдын директорун мактасак болот. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрликтин мектеп директорлорун тандоодо койгон учурдагы талабы өтө эле жогору.
"Февраль айында мектеп директорлорун аттестациялоо жүрөрү айтылууда. Анда коюлган талаптар өтө жогору. Мектеп директорлору, албетте, мыйзамдарды билүүсү керек, бирок ал жетекчи катары тендер өткөрөт деп каржы багытындагы мыйзамдарды, Эмгек кодексин сурап отурбашыбыз керек. Булар кийинки маселелер болушу абзел. Мектеп директорун бекитерде негизинен үч маселеге көңүл буруп, биринчи кезекте билимге багытталган критерийлер турушу зарыл. Андан соң гана мыйзамдарды билүүсүн, уюштуруучулук талантын жана ата-энелер менен болгон мамилеси каралышы керек", — деди Сайназаров.
Серепчи билим деңгээлин көтөрүү олимпиада, ЖРТ сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелбеши керектигин кошумчалады.
"Жер-Үйдөгү" чатакка жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп. Бул тууралуу Илимбек Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шайлоодон кийин инвестициялык климат жакшы жагына өзгөрүп жатканы байкалууда.
"Жерүйдө чатактын чыгуусуна жергиликтүү калктын жумушсуздугу, социалдык-экономикалык абал себеп болууда. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арасында колдогондор жана колдобогондор болуп, бөлүнүү бар экен. Мындан ары тирешүүнүн уланбашы үчүн инвестор менен калктын ортосунда диалог уюштурулду. Жергиликтүү тургундардын арасынан экология жаатында адистер бар болсо, тизмесин түзүү, бирдиктүү талаптарды коюу сунушталды. Тийиштүү маалыматтар Жерүйдүн жетекчилигине да, өкмөткө да жеткирилди", — деди Абдиев.
Ошондой эле ал облуста кээ бир социалдык объектилердин курулушуна каражат бөлүнсө да айрым себептерден улам бүткөрүлбөй турганын кошумчалады.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ошто мамлекеттик мүлктү сегиз миң долларга сатып жиберишкен "Ош электр" ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.
Билдирмеге ылайык, акционердик коомдун жооптуу адамдары мүлктү сатууда Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашкан эмес.
"Ош электр" ишканасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.
Учурда келтирилген мамлекеттик зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.