Россиянын жыйырмадай аймагында коомдук башталыштагы биздин өкүлчүлүктөр ачылды. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Акыйкатчы институтунун Россиядагы өкүлү болуп ошол жакта иштеп, жашап жүргөн эмгек мигранттарынан чыккан ыктыярчылар аталат.
"Пандемия учурунда башка өлкөлөрдө иштеп, жашап жүргөн мекендештердин укуктук маселелерин чечүүгө кайра эле өздөрү жардам берип жатышты. Курч абал түзүлгөндүгүнө байланыштуу маселени ыкчам чечүү зарылдыгы келип чыкты. Биз мамлекеттен каражат, штаттык бирдик сурабай эле эмгек мигранттарынын өздөрү менен көйгөйдү чече алдык. Ал жакта отурукташып калган, башка кыргызстандыктарга көмөк көрсөтө ала турган мигранттарга кайрылып, аларды өкүлүбүз деп таанып, тастыктоочу документтерди ыйгардык. Ошондой эле Россия Федерациясынын губернаторлоруна, Миграция кызматына, Ички иштер министрлигине ошол мекендештерибизди КРдин Акыйкатчы институтунун расмий өкүлү деп таанылуусу тууралуу кат жолдодук. Биз болгону ушуларды жасадык. Калганын ошол 20дай мекендеш өздөрү кылышты. Ижарага кеңсе алып, мекендештердин келип чыккан укуктук маселелерин биздин расмий кызматкерлердей чуркап жүрүп чечип берип жатышты. Аларга айлык акы деле төлөнбөйт. Негизги жумуштарын кое туруп бизге зор көмөк көрсөтүштү", — деди Мамытов.
Акыйкатчы мындай жардам көрсөткөн адамдар республиканын ичинде да көп болгондугун жана алар өздөрүн жарнамалоону каалабагандыгын кошумчалады.
Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.
"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.
Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундары менен камсыз кыларын, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болоорун белгилеген.