2020-жылы Cap.kg жүк ташуучу авиакомпаниясы сертификациядан өтүп ишин баштады. Пандемияга байланыштуу жүк ташуучу каттамдарга суроо-талап өсүп кеткен эле. Буга чейин Turkish airlines авиакомпаниясы жүктөрдү ташып жаткан. Саамалык тууралуу Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Avia traffic company сырткы жана ички, ал эми Tez jet авиакомпаниясы ички учууларды аткарып жатат.
"Эл аралык бардык туруктуу аба каттамдар 2020-жылдын март айында эле токтогон. Республикалык штабдын чечими боюнча бир топ мамлекет менен чартердик каттамдар жана жүк ташуулар аткарылып жатты. Азыркы учурда деле Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Краснояркс, Сургут шаарына чартердик каттамдар учууда. Ички каттамдар толугу менен жанданды. 10-августтан бери Бишкек — Стамбул, Бишкек — Дубай аба каттамы иштеп баштаган, азырынча Бишкек — Шаржа жана Бишкек — Анталья убактылуу токтоп турат. Сентябрдан баштап Казакстан, Өзбекстан, Россияга рейстер ачылган. 2019-жылы "Абанын бешинчи боштондугу" долбоору ишке кирип, Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, Бишкек — Шаржа, Ош — Кувейт, Алматы — Бишкек, Алматы — Ош, Бишкек — Тегеран рейси ачылган эле. Jazeera airways Бишкек — Кувейт рейсин ачууну пландап жатат. Андан тышкары, 2021-жылдын март айында Бишкектен Кореяга каттам ачууну карап жатабыз. Ошону менен бирге бул багытта Кытай, Сауд Аравиясы, Катар, Венгрия менен да кызматташабыз", — деди Матмуратов.
Ал "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда май куюучу жай курулганын жана "Манас-2" аэровокзалдык комплексти ишке киргизүү алдында турганын кошумчалады.
Өлкөдө 65 мамлекеттик, 3000ден ашуун ведомстволук архивдер болсо, анда иштеген адистердин 12синин гана тиешелүү багытта диплому бар. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Архив агенттигинин өзүндө эле республика боюнча 500дөй кызматкер эмгектенет.
"Архив агенттигиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси. Учурда архивист деген дипломдун ээси, башкача айтканда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана сактоо боюнча атайын билими бар 12 гана кызматкерибиз иштейт. Алар мындан бир топ жыл мурда Кусеин Карасаев атындагы БГУда ачылган архивист факультетинен билим алгандар. Тилекке каршы, бул окуу бөлүмү 4-5 жылдан кийин жабылып калган. Азыр республикадагы бир дагы окуу жай бул кесипке адис даярдабайт. Андыктан биз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, адистерибизди кыска мөөнөттүү же квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жиберүүгө аргасызбыз. Бул маселе боюнча Түркия жана Россия менен тыгыз иштешүү алдында турабыз. Россияга аспирантурадан билимин тереңдетип келүү үчүн бизде иштеп жаткан ошол дипломдуу 12 адисти жиберүү боюнча макулдашылды", — деди Ырысалиев.
Адис эл аралык же жеке менчик багыттагы компаниялар да архив кызматкерин жумушка алуу боюнча кайрылуу жолдошорун, бирок бул багытта кадрдык резерв жок экендигин кошумчалады.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.
"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Депутат Бейшеналы Нурдинов парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин имаратынын ичи таштандыдан тазаланбай жана кирип баратканда аскерлер кызматтык күбөлүгүн сураганына нааразы болду.
Эл өкүлү бир блогер келип ЖК имаратынын ичи таштандыга толгону туурасында тартып көрсөткөнүн белгиледи.
"Эшиктен автоматтык түрдө кирип-чыга турган кылып жасап койсок болбойбу. Мурда чип менен кирип-чыкчу элек. Азыр аскерлер ар бирин кызматтык күбөлүгүңдү көрсөт деп киргизбей тосуп отурат. Биз го көнүп калдык, бөлөк жактан кишилер келсе, карапайым эл кирсе, эмнесин көрсөтөт. Жогорку Кеңештин ичинин баары таштанды, тазаланбайт. Бүгүн да келе жатып көрдүм", — деди депутат.
Ошондой эле Нурдинов окутябрь окуяларынан кийин депутаттардын кабинетинде телефон да жок экенин айтып өттү.