Кёрлинг — стратегиялык жана интеллектуалдык спорт болгондуктан туура тактика менен тажрыйбалуу атаандашты да утуп алууга болот. Бекеринен кёрлингди муз үстүндөгү бильярдга салыштырышпайт. Бул тууралуу Тынчтыкбек Саматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кёрлинг спортуна бир аз көңүл бурулса спортчуларыбыз кыска мөөнөттө эл аралык мелдештерде ийгилик жарата башташат.
"Кыргыз спортунда бокс, күрөштүн тарыхы бай. Алардын машыгуу системалары жолго коюлган. Ал эми кёрлинг өлкө үчүн жаңы спорт. Ошондуктан бардыгын башынан баштоого туура келди. Муздун абалы, спортчулардын деңгээли, адистердин, машыгуу базасынын жоктугу бизге көп көйгөй жаратты. Болгондо да абдан кымбат спорт экен. Бирок азыркы учурда акырындык менен иштер жүрүүдө. Кёрлингде ийгилик жаратуу үчүн жаш курак каралбайт. Туура логикалык ой жүгүрткөн каалаган адам өзүн көрсөтүп, жеңишке жетсе болот. Аталган спортто болжол менен 10 жыл ичинде кыргызстандык спортчулардын кышкы олимпиада оюндарында алтын медаль утуп алүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул кыргыз спорту үчүн чоң тарых болор эле", — деди Саматов.
Ошондой эле жетекчи кёрлинг спортунун терминдерин кыргыз тилине которуу кыйынчылыкты жаратып жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, кёрлинг — муз аянтчасында команда менен ойнолуучу спорттун бир түрү. Эки команда музга атайын ылайыкташтырылган ташты "үйгө" чогултуп, упай топтошот.
Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.
"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.
Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.