Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтогазиев: Кыргызстан чийки заттын экспортёру болбошу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Кыргызстан айыл чарба тармагында транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керектигин айтты.
Токтогазиев: Кыргызстан чийки заттын экспортёру болбошу керек
Биздин өлкө чийки заттын экспортёру болбошу керек. Мындай пикирин Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республиканын араб өлкөлөрүнө, Индия, Пакистанга эт сатуу боюнча чоң мүмкүнчүлүгү бар.
"Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусун айыл чарба тармагында да пайдаланса болот. Казакстан, Монголия мамлекеттеринен малды алып, аны бир айдай өлкөдө кармап, адалдаштырган соң араб мамлекеттерине, Индия, Пакистан жана башка жактарга жергиликтүү товар катары сата алат. Ушундай эле мүмкүнчүлүктү Өзбекстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди Кытайга экпорттоо менен жүргүзө алат. Бул эки чоң соода каналы жергиликтүү фермерлерге да зор мүмкүнчүлүктөрдү ачып бермек. Ошол эле учурда Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын органикалык жактан кымбат товар катары сатылуусуна жол ачылмак. Биздин мамлекет чийки затты эле экспорттоп коюп отура бербеши керек. Ал колунда турган транзиттик мүмкүнчүлүгүн колдонуусу зарыл", — деди Токтогазиев.
Министр Кыргызстан мындай жол менен айыл чарба багытын эң кирешелүү тармакка айландырса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0