Кыргызстандагы хоккейдин өнүгүшү үчүн кайдыгер карабаган адамдарды чогултуп, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мындай пикирин Муратбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көтөрүлө турган негизги маселе — кесипкөй адистерди жана машыктыруучуларды даярдоо.
"Кыргыз хоккейинде жылыш бар. Бирок спортчулар үчүн толук кандуу шарт жок болуп жатат. Мунун баары көңүл кош мамиленин айынан келип чыгууда. Биз хоккей сүйүүчүлөрүнүн артынан түшүп, алардын арасынан мыктыларын тандап алышыбыз зарыл. Бул чоң көйгөйлөрдүн бири. Ага карабастан мамлекеттик жергиликтүү башкаруучулар спорттун өнүгүшү үчүн колдон келген салымын кошуп жатышат", — деди Муратбек Жакыпов.
Ошондой эле жетекчи хоккей боюнча мыкты машыктыруучуларды даярдап алсак, кийинки бир жарым жылда жыйынтыгы жакшы боло турганын кошумчалады.
Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.
"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.
Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.
Көп өлкөлөрдүн академияларынын иш-тажрыйбасын байкап көрүп, өзүбүздүн руханий баалуулуктарга карата колдонсок жакшы болот. Мындай ойду Эр-Улан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, футболдук академиялар балдарды машыктырууда комплекстүү кадамдарга багыт алышы керек.
"Милдеттүү түрдө биздин багытыбыз болушу керек. Ийгиликтүү футболдук клубдардын тажрыйбасына таянып, моделин алсак болот. Бирок өзүбүздүн география, менталитетибиз спорттук ийгиликтерди жаратууда чоң роль ойнойт," — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле машыктыруучу улуттук курама команданын акыркы жылдардагы жетишкендиги футболдун өнүгүшүнө жол ачканын кошумчалады.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.