Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: "мандраж" деген сөздү "дендароо" деп колдонсо болот

© Sputnik / Эркин СадыковМанасчи, член общественного объединения "Көйкашка" Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков күнүмдүк турмушта колдонулуп жүргөн айрым сөздөр башка тилден кирип, кыргыз тилине сиңип калганын айтты.
Учурда жаштар колдонуп жүргөн "мандраж" деген сөздү "дендароо" деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Талантбеков: "мандраж" деген сөздү "дендароо" деп колдонсо болот
Анын айтымында, "Манас" эпосундагы сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу менен тилди өнүктүрүүгө болот.
"Учурда жаштар орусча "мандраж" деген сөздү көп колдонушат. Бирок ошол эле маанини берген нукура кыргызча сөз бар. Ал "дендароо" деген сөз. Аны эсин таппай, эмне кыларын билбей калган, эки анжы, арсар болгон, далдыраган абалды сүрөттөө үчүн колдонсо болот. Андыктан жаштар "мандраж" дегендин ордуна "дендароо болуп калдым" деп колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Манасчы атадан калган асыл сөздөрдү урпактарга жеткирип берүү ар бир адамдын милдети экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0