Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова

Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот

58
(жаңыланган 23:58 09.01.2021)
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова үй-бүлөдө бир туугандардын ортосундагы мамилени бекемдөөгө ата-энелердин ролу чоң экенин айтты.

Бардык эле балдар өзгөчө кичинекей кезинде бир нерселерден коркушат. Мисалы, балаңыз жалгыз калгандан же караңгыдан чочулашы мүмкүн. Мындай учурда ал корккон нерсе коопсуз экенин жомок аркылуу түшүндүрүп койсоңуз болот. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Психолог: балага корккон нерсесин жомок аркылуу жеткирсе болот

Анын айтымында, бөбөктөр өзгөчө алты жашына чейин көргөн мультфильм, кинолордогу каармандарын түз кабыл алып, жашоодо да туураганга жөндөмдүү келишет. Мындай учурда ал каарман оң же терс экенин ата-эне түшүндүрүшү зарыл.

"Балдар чоң кишилерге караганда көргөн нерсесине катуу таасирленишет. Алар критикалык ой жүгүртө албагандыктан, бардык нерсени түз кабыл алышат. Ошондуктан өзү көргөн мультфильм же тасмадагы бир терс каарманды туурап, ал сүйлөгөн сөздөрдү кайталап, бир туугандарын уруп, чаап, тээп ойношу мүмкүн. Мындай учурда ата-эне баланы урушпай, жасап жаткан нерселери туура эмес экенин түшүндүрүшү керек. Ошол эле учурда улуураак бир туугандары бөбөгү кайсы бир каарманга ишенгени үчүн аны шылдыңдап коюшу мүмкүн. Мындайда улуу балдарыңыз менен биргеликте кичүү бир тууганына белек жасап же башка бир кам көрүү аракеттерин үйрөтүү зарыл. Негизи эле ата-энелер балдары жактырган тасмаларды чогуу көрүп, окуган китептерин биргеликте тандаганы жакшы. Ал эми чүрпөлөрүңүз менен биргеликте кол эмгек саатын өткөрүп туруу балдарга эмоционалдык жакшы сезимдерди чакырып, анын күйүмдүү бала болуп чоңоюшуна, бир туугандардын ынтымагын бекемдөөгө шарт түзөт", — деди Батырбекова.

Психолог балдар менен чогуу мультфильм көрүп же жомок окуганда алар менен окуяны талдап, аналитикалык ой-жүгүртүүгө үйрөтүү зарылдыгын кошумчалады.

58
Белгилер:
ата-эне, балдар, психолог, Нуриза Батырбекова
Тема боюнча
Психолог: жомок угуп чоңойгон баланын иммунитети бекем болот
Бишкек троллейбус башкармалыгы ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров

Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

61
(жаңыланган 12:18 18.01.2021)
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров мекемеде эскилиги жеткен 27 троллейбус бар экенин айтты.
Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.

"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.

Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.

61
Белгилер:
маршрутка, троллейбус, транспорт
Тема боюнча
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев

Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

113
(жаңыланган 12:28 18.01.2021)
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев окумуштуу Кусеин Карасаевдин жанында жүрүп, кеп-кеңештерин көп жолу алганын айтты.
Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.

"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.

Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.

113
Белгилер:
жубайлар, Окумуштуулар
Тема боюнча
Жолдошунун алмаштыргыс редактору болгон. Айша Карасаева жөнүндө 6 факты

Тамак жасап, идиш жууган роботтун таң калтырган видеосу

0
CES 2021 деп аталган көргөзмөдө Moley Robotics компаниясы ашкана ишин кынтыксыз аткарган роботту элге тааныштырды. Анын кадимкидей эле тамак жасай аларын айтышты.

Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.

Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.

Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.

Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.

0
Белгилер:
кулинария, ашкана, тамак-аш, робот
Тема боюнча
Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео