Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: ыргалдуу багбанчылыкта гектарынан 100 тонна түшүм алса болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Алма агро" ЖЧКсынын техникалык директору Алтынбек Эргешов
Алма агро ЖЧКсынын техникалык директору Алтынбек Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алма агро" ЖЧКсынын техникалык директору Алтынбек Эргешов багбанчылыктын бул түрү түшүмдүүлүктү арттыра турганын белгиледи.
Эргешов: ыргалдуу багбанчылыкта гектарынан 100 тонна түшүм алса болот
Ыргалдуу багбанчылык менен гектарынан 35тен 100 тоннага чейин түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Алтынбек Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, багбанчылык айыл чарба тармагынын локомотиви болуусуна шарт бар.
"Ыргалдуу багбанчылык бул жаңы технология менен түшүм алуу болуп саналат. Коомчулукта ал интенсивдүү багбанчылык деп кеңири тараган. 2014-жылы Польшадан бул технология менен таанышып, аны Кыргызстанга жайылтууну сунуштоодобуз. Эгерде салттуу багбанчылык менен алектенгендер 10дон 30 тоннага чейин түшүм алса, ыргалдуу багбанчылык менен гектарынан 35тен 100 тоннага чейин түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар. 2017-жылы эксперимент катары ушул технология менен 36 сотых жерге алма отургузганбыз. Бир жылдан кийин эле алгачкы түшүм эки тонна, 2019-жылы 8 тоннага чукул, быйыл 9-10 тоннага чейин түшүм алдык", — деди Эргешов.
Ишкер учурда ыргалдуу багбанчылыкты коомчулукка жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0