Zhyldyz Academy окуу борборунун негиздөөчүсү Жылдыз Арстанбекова

Арстанбекова: чет өлкөгө окууга тапшырчулардын максаты так болушу керек

360
(жаңыланган 11:58 10.01.2021)
Zhyldyz Academy окуу борборунун негиздөөчүсү Жылдыз Арстанбекова чет мамлекетке окууга тапшыруу программасы тууралуу айтып берди.

Будапешттеги Матвей Корвин атындагы университетти ал жакта когнитивдик лингвистика боюнча атайын сабактар окутулганы үчүн тандап алгам. Бул тууралуу Жылдыз Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Арстанбекова: чет өлкөгө окууга тапшырчулардын максаты так болуш керек

Анын айтымында, окуу жай берген стипендия жатакана, тамак-аш, медициналык камсыздандыруу жана жол чыгымын жабат, ал эми виза жана эл аралык билеттерди студент өзү сатып алышы керек.

"Корвин университетине сынактын негизинде тапшырдым. Программа алгач чоң ызы-чууну жараткан эле. Себеби ал жакка "билим менен эмес, тааныш менен" тандалып алынат деген кептер айтылгандыктан, убакытты текке кетирбей эле коеюн деп оюмдан кайткам. Бирок кийин чечим кабыл алып, бардык документтерди топтодум. Программа Stipendium Hungaricum Scholarship Program деп аталып, Tempus коммерциялык эмес уюму тарабынан каржыланат. Программага 18 жашка толгон студенттер тапшыра алат. Бакалавр, магистратура, PhD программасына дээрлик бардык каалоочулар катышат. Негизги талаптар – максатты аныктоо, англис тилин билүү, мектептеги, университеттеги академиялык жетишкендиктер жогору болушу керек. Коомдук активдүүлүк дагы бааланат. Мындан тышкары, бардык керектүү документтер туура даярдалууга тийиш. Программага керек болгон негизги документтердин үлгүсүн университеттин веб-сайтынан жүктөп алууга болот. Резюме, паспорттун көчүрмөсү, документтердин көчүрмөсү, TOEFL же IELTS экзамендеринин жыйынтыгы, үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, сертификаттар, дипломдор, каттар, магистратура же докторантура программасына тапшырып жаткандар үчүн мотивациялык кат, илимий макалалар жана студенттин жетишкендиктерин тастыктаган башка документтер, 086 медициналык справка керектелет. Жалпы маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан карасаңыздар болот", — деди Арстанбекова.

Ал карантинде онлайн окуп жаткандыктан Кыргызстанга келип Zhyldyz Academy окуу борборун ачып, балдарды жогорку окуу жайга даярдап жатканын кошумалады.

360
Белгилер:
чет мамлекет, окуу жай
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин бөлүм башчысы Ашырали Ырысалиев

Ырысалиев: Кыргызстанда архивист билимин алган 12 гана адис бар

41
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин бөлүм башчысы Ашырали Ырысалиев Мамлекеттик архив агенттиги Россияга билимин тереңдетип келүүгө адистерди жиберүү боюнча макулдашуулар жүрүп жатканын айтты.

Өлкөдө 65 мамлекеттик, 3000ден ашуун ведомстволук архивдер болсо, анда иштеген адистердин 12синин гана тиешелүү багытта диплому бар. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ырысалиев: Кыргызстанда архивист билимин алган 12 гана адис бар

Анын айтымында, Архив агенттигинин өзүндө эле республика боюнча 500дөй кызматкер эмгектенет.

"Архив агенттигиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси. Учурда архивист деген дипломдун ээси, башкача айтканда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана сактоо боюнча атайын билими бар 12 гана кызматкерибиз иштейт. Алар мындан бир топ жыл мурда Кусеин Карасаев атындагы БГУда ачылган архивист факультетинен билим алгандар. Тилекке каршы, бул окуу бөлүмү 4-5 жылдан кийин жабылып калган. Азыр республикадагы бир дагы окуу жай бул кесипке адис даярдабайт. Андыктан биз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, адистерибизди кыска мөөнөттүү же квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жиберүүгө аргасызбыз. Бул маселе боюнча Түркия жана Россия менен тыгыз иштешүү алдында турабыз. Россияга аспирантурадан билимин тереңдетип келүү үчүн бизде иштеп жаткан ошол дипломдуу 12 адисти жиберүү боюнча макулдашылды", — деди Ырысалиев.

Адис эл аралык же жеке менчик багыттагы компаниялар да архив кызматкерин жумушка алуу боюнча кайрылуу жолдошорун, бирок бул багытта кадрдык резерв жок экендигин кошумчалады.

41
Белгилер:
көйгөй, кадрлар, архив
Тема боюнча
"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт

62
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштаганынын себебин айтты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт

Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.

"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.

Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.

62
Белгилер:
министр, кыскартуу, медицина, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема боюнча
КРде медициналык мекемелерди кайра түзүү боюнча реформа башталды
Сейсмографтын маалыматтары. Архив

Кечинде Өзгөн менен Кара-Сууда жер титиреди

0
(жаңыланган 10:16 21.01.2021)
Жер титирөө Оштун айрым жерлеринде 3 баллга чейин сезилген. Министрликтин айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.

Жер титирөө кечээ, 20-январь күнү, саат 22:01де катталган.

Ал Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Мырза-Арык айылдарында 3 балл, Өзгөн шаарында 2 балл, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Правда айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

0
Белгилер:
жер титирөө, Кара-Суу району, Өзгөн, Ош, ӨКМ
Тема боюнча
Эртең менен Нарында жер титиреди
Монголияда күчү 8,7 баллга жеткен жер титирөө болуп, Иркутскиде да сезилген