Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Туркебекова: майыптарга веб-сайт иштеп чыгуу боюнча курстар окутулат

© Sputnik / Асель СыдыковаИ.о. начальника управления занятости Министерства труда и соцразвития КР Наргиза Туркебекова
И.о. начальника управления занятости Министерства труда и соцразвития КР Наргиза Туркебекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Наргиза Туркебекова бир бош жумуш ордуна 32 кыргызстандык иш издөөчү туура келерин айтты.
Туркебекова: майыптарга веб-сайт иштеп чыгуу боюнча курстар окутулат
Былтыр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 77 адам веб-сайт иштеп чыгуу боюнча беш айлык курстан окуду. Алардын 12си аралыктан буюртма алып иштеп, өз алдынча киреше таап жатышат. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы республикада жумушсуздук мурдагыдан да өскөн. Анткени пандемияга байланыштуу айрым мекемелер ишин убактылуу же биротоло токтоткон эле. Ошондой эле 50 000ден ашуун эмгек мигранты кайтып келгени да буга таасирин тийгизген.
"2020-жылы республика боюнча жумушсуздуктун саны өстү. Бирок ошол эле учурда тейлөө багытындагы адистиктерге, ширетүүчү, курулуш тармагында бош орундар көп. Андыктан биз кыска мөөнөттүү окутуу курстарын жандандырдык. Мунун алкагында түрдүү майыптыгы бар 77 кыргызстандыкты үйдө отуруп алып веб-сайт иштеп чыгуу курсунан өткөрдүк. Окутуу беш айга уланып, ага ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышты. Алардын 12си учурда аралыктан буюртма алып, киреше тапканга жетишип калышты. Бул кыска мөөнөттүү курстар акысыз, мамлекет тарабынан стипендия төлөнөт", — деди Туркебекова.
Адис майыптыгы бар адамдарды веб-сайт иштеп чыгуу курсунан өткөрүүдө алгач кат-сабатын жоюу көйгөйү жаралып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0