"Манас" эпосунда "баканооз" деген сөз эки мааниде кездешет. Бир мааниси тыңчы, шпион. Экинчиси сөз ташыган ушакчы. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө дагы баканооздук кылгандар күч алууда.
"Баканооз" деген сөздү айрымдар түзмө-түз маанисинде кабыл алып, оозу баканга окшош болсо керек деп кабылдашы мүмкүн. Чынында бул сөз эпосто кыйыр түрүндө берилип, тыңчы, шпион жана сөз ташыган ушакчы деген эки мааниде колдонулат. "Манаста" душмандын сырын тартып, ал тууралуу маалыматты билүү үчүн баканооздорду колдонгон учурлар абдан көп кездешет. Учурда дагы бир сөзгө экини кошуп, көбүртүп-жабыртып сөз ташыгандар жок эмес", — деди Талантбеков.
Манасчы эски сөздөрдү коомго жеткирүү менен агартуучулук милдетти аткарууга боло турганын кошумчалады.
Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.
"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.
Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.
Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.
"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.
Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасы колдонула турганын тастыктады.
Маалымат катчы инаугурация мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экенин айтып, президенттик кызматка киришүү менен ал өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп каларын белгилеген.
“Артиллериялык аскер техникасын колдонуу инаугурация аземинин атрибуттарынын бири жана кеңири таралган тажрыйба. Артиллериялык тузүмдөр, кандай болгон күндө дагы, күнүмдүк режимде аскердик даярдыктын деңгээлин кармоого багытталгандыктан, ашыкча чыгымдарды талап кылбастыгын баса белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, артиллериячылар аскер даярдыгы боюнча пландык машыгууларды өткөрөт. Демек буга кошумча эч кандай чыгымдар болбойт”, — деди Байтерек.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.
Ошол эле учурда артиллериялык курал кодонулары туурасында дагы маалымат тарай баштаган.
Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.