Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маразыков: айыл калкы менен бийлик ортосуна эмгек мигранттары көпүрө болот

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидент Международной ассоциации предпринимателей Акбар Маразыков
Президент Международной ассоциации предпринимателей Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Акбар Маразыков ар бир эмгек мигранты өз өлкөсү үчүн инвестор деген пикирин билдирди.
Маразыков: айыл калкы менен бийлик ортосуна эмгек мигранттары көпүрө болот
Россияда ишкерлик менен ийгиликтүү алектенип жүргөн кыргызстандыктар биригип "Жаратман кербени" деген долбоор ачтык. Анда республиканын жети облусун кыдырып, каалоочуларды ишкерликке үйрөтөбүз. Бул тууралуу Акбар Маразыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор сынамык иретинде Ысык-Көл облусунда ишке кирген. Анын алгачкы бүтүрүүчүлөрү сертификаттарга ээ болуп, ийгиликтерди көрсөтө башташты.
"Жаратман кербени" долбоору Ишкерлердин эл аралык ассоциациясы тарабынан жасалууда. Анын башкы максаты эл менен жергиликтүү бийликтин ортосуна көпүрө болуп, каалоочуларга бизнес-долбоорлорду жазганды үйрөтүү. Мисалы, бир айыл тургундарды өздөрүнүн жол, таза суу, бала бакча жана башка социалдык көйгөйүн чечүү үчүн сметасын өздөрү эсептеп чыгып бизнес-долбоор жазышат. Ал жергиликтүү бийликке сунушталат. Демөөрчүнү да чогуу издешет же гранттык акчанын негизинде, балким бюджеттен каражат бөлүнөт, ошентип элдин көзөмөлүндө иш аткарылат. Анткени долбоорду өзү жазган тургундар каякка канча каражат кетерин билишет. Мындан сырткары, топторго биригип алып иштете турган же жеке ишке ашыруучу бизнес-долбоорлорун жазышса болот. Мунун баарына тажрыйбасы мол, өлкөнүн алдыңкы сабында турган ишкерлер, IT жана башка көптөгөн багыттар боюнча өзүбүздүн эле кыргызстандык адистер окутат", — деди Маразыков.
Ал, мындан сырткары, франшиза бизнесин өз жерине ачуу, арзан жана сапаттуу тоют өндүрүү сыяктуу 12ден ашуун багыттар боюнча окутуулар жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0