III чейректе 2 100 мектеп реалдуу режимде окуусун баштады. Алардын ичинен 1 224 мектеп толугу менен, тактап айтканда, 1-класстан 11-класска чейин мектепке барып окуп жатышат. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектептерди ачуу чечимин эпидемиологиялык кырдаалга ылайык жергиликтүү органдар кабыл алат.
"I чейректе офлайн-окууга 1-класстарга уруксат берилген. Ал эми 2-чейректе эпидкырдаалга жараша кызыл жана жашыл аймактарга бөлүнүп, жашыл зонадагы мектептерге этап-этабы менен окууга уруксат берилген. 3-чейректе 2 100 мектеп реалдуу режимде окуусун баштады. Алардын ичинен 1 224 мектеп толугу менен, тактап айтканда, 1-класстан 11-класска чейин окутулуп жатат. 150 мектепте 1-класстарга эле уруксат берилди. Айрым жерлерде офлайн билим берүү этап-этабы менен ишке ашууда. Саламаттык сактоо органдары эгер окуучулар массалык түрдө мектепке каттай баштаса, коронавирустан башка дагы жугуштуу оорулар чыгышы мүмкүндүгүн эскертти. Ошого байланыштуу айрым аймактарда баскыч-баскычка бөлүнүп жасалууда. Учурдагы абалга ылайык, мектептерде мурдагыга салыштырмалуу тартиптер өзгөрдү. Кадимки билим берүү эрежелерине эпидемиологиялык тартипти сактоо да кошулду. Мурда окуучулар кабинеттерге көчүп окуй турган болсо, учурда аларга мугалимдер келип, сабактын баары бир эле кабинетте өтөт", — деди Абдылдаева.
Ошондой эле ал жеке менчик мектептер да толугу менен ачылганын кошумчалады.
Сценарий күчтүү болгону менен кино жаман чыгып калышы мүмкүн. Ал эми сценарий жаман болсо, тасманын мыкты болушуна таптакыр шанс жок. Ошондуктан чыгарманын маанисине тыкыр көңүл бөлүнүп, мазмуну 11 ай жазылды. Бул тууралуу Саламат Иманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сериалдын тартылышына ИИМ көмөк көрсөтүп, көпчүлүк бөлүгүндө чыныгы окуялар чагылдырылган.
"Тасманын автору мен, режиссёру Насирдин Кудайбердиев, со-продюссер Баатыр Батиков болуп 2019-жылы сериал тартып баштадык. Бизде медицина, билим берүү жана милициянын жумушу эң көйгөйлүү тармак экен. Ошентип биздин милициянын абалын чагылдырууну чечтик. Өнүккөн өлкөлөрдө бул кесиптин ээси болуш сыймык. Алардын айткан сөзүн угуп, эл сыйлайт. Ал эми бизде таптакыр тескери. Акыркы учурда аларга болгон ишеним, урмат жоголду. Тартип сакчылар коомдук тартипти сактап, кылмыштын бетин ачып, биздин коопсуздугубуз үчүн жан үрөп жатса, биз аларды жек көрөбүз. Биздин долбоордун максаты - милиция кызматкерлеринин аброюн жогорулатуу жана жакшы ниет менен ант берип, погон тагынган кызматкерлер эли үчүн ак иштеп берүүсүнө түрткү болуу. Долбоордун соңунда калк арасында милиция тууралуу башкача ой калыптанып, келечек муун дагы бул кесипти жакшы көрүп калат деген ишеничтебиз. Кинокартина 12 сериядан туруп, хронометражы 40 мүнөттөн узак. Менимче, Кыргызстанда мындай жанрдагы масштабдуу сериал мурда тартылган эмес", — деди Иманов.
Ал аталган сериалдын тартуу иштеринин жарымынан көбү тартылып бүткөнүн, февралдын ичинде коомдун назарына коюларын кошумчалады.
Учурда дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кризистен өзгөчө батыш мамлекеттери жабыркап жатат. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Евразия экономикалык биримдигинин Кытай мамлекети менен болгон алакасы уюмга кризистен чыгууга жакшы көмөкчү болуп бере алат.
"Дүйнөдө 2019-жылдан тарта бир нече убакытка созулган экономикалык кризис болору мурдатан эле айтылып келген. Бирок ал кезде пандемия тууралуу сөз жок эле. Андыктан азыр башыбыздан кечирип жаткан тартыштыкты коронакризис деп атоо туура эмес болуп калат. Вирустун жайылышы жөн гана ушул алдын ала божомолдонгон каржы тартыштыгынын себеби катары каралып калды. Кандай болгон күндө да бул кризистен батыш өлкөлөрү өзгөчө жабыр тартып жатат. Ал эми ЕАЭБге келе турган болсок, уюм анчейин деле чоң жоготууларга учурабай, сезилерлик экономикалык секириктерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар жана мындан колдонот деп ойлойм. Дүйнөлүк банктын билдирүүсү боюнча, 2020-жылы экономикасы өскөн жалгыз мамлекет Кытай деп аталды. ЕАЭБдин бул өлкө менен алакасы бекем. Андыктан биримдик менен Кытай эки тарапка тең пайдалуу боло турган аракеттерди ишке ашырат", — деди Бактыгулов.
Серепчи ЕАЭБди келечеги кең уюм деп кошумчалады.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас жергесинде -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -5…-10 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +6…+8 градус болот.