Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумаканова: январдын соңунда COVID менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн

© Sputnik / Адилет ИмановСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова. Архив
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова азыркы учурда Кыргызстанда вирустун кандай штаммы жайылганы боюнча изилдөөлөр жүрүп жатканын айтты.
Жумаканова: январдын соңунда COVID менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн
Коронавирустун Кыргызстандагы жаңы штаммын аныктоо үчүн жалпы 30 үлгү даярдалды. ДССУнун колдоосу менен Россияга жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгына ылайык, өлкөдө вирустун кайсы түрү жайылып жатканын так айтууга мүмкүн болот. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдардын азыркы жүрүм-турумун эске ала турган болсок, январдын аягында COVID-19 менен ооругандар көбөйүшү мүмкүн.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 12 мамлекеттик жана үч жеке менчик болуп, жалпы 15 сыноо лабораториялары иш алып барып жатат. Коронавирус полимераздык чынжырдуу реакция ыкмасы менен аныкталууда. Бир жылдын ичинде 600 миңден ашуун изилдөө жүргүзүлдү. Бул иштерди биздин департамент көзөмөлдөөдө. Былтыр июль-август айларында 70-80 миң изилдөө жүргүзсөк, ноябрь-декабрь айында да ошондой эле изилдөө жасалды. Башында вирус мутацияланып D 614 формасы Франция, Европада катталган. Жайында вирустун өзгөргөн түрү, А 222, Европада кеңири жайылды. Демек, ал организмге кирген соң жашап кетиш үчүн бир нече жолу өзгөрүп жатканынан кабар берет. Кыргызстанда март айында илдет курч мүнөздө өткөн. Жайында вирус өзгөрүлүп пневмонияны да пайда кыла баштады, күзүндө ал ич өткөк, конъюнктивит менен коштолду. Британияда катталган коронавирустун жаңы штаммы өтө жугуштуу болгону менен айырмаланып жатат. Батыш мамлекеттеринде вирустун кайсы геному тарап жатканы боюнча изилдөөлөр жүрүп турат. Биз дагы үлгүлөрдү эл аралык деңгээлдеги текшерүүгө үч ирет Улуу Британия, Германияга жөнөткөнбүз. Жыйынтык боюнча, биздин жарандар Швеция, Россия, АКШ, БАЭ жана Оман мамлекеттериндеги катталган вирустун генотиби менен ооруп жатканы белгилүү болду", — деди Жумаканова.
Адис COVID-19 бетиндеги белок тикени менен клеткага жабышып, эшикче ачып организмге кирип кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, өзгөргөндө бул жөндөмдүүлүгү дагы да жогорулап жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0