Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

© Sputnik / Асель АкматалиеваБишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова борбор калаада мэрияга караштуу 97 орто билим берүү мектеби бар экендигин айтты.
Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0