Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон

© Sputnik / Асель СыдыковаДоктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев
Доктор филологических наук, профессор Сыртбай Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев окумуштуу Кусеин Карасаевдин жанында жүрүп, кеп-кеңештерин көп жолу алганын айтты.
Мусаев: учурунда Айша Карасаевага Аалы Токомбаев дагы ашык болгон
Айша Карасаевага өз кезегинде айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дагы ашык болгон, бирок нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган. Бул тууралуу Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Карасаев жашоодон көп запкы тартып калгандыктан сөзгө, кепке абдан сак эле.
"Кусеин Карасаев менен ата-баладай болуп жүрүп, ал кишинин үйүндө көп жолу конокто болдум. Сөздүн гүлүн терип, макалдатып сүйлөгөн чечен киши болчу. Башкалардан дагы ушуну талап кылчу. Ал киши менен баарлашып отурганда жан дүйнөңдө сергүү, тазаруу пайда болор эле. Конокко барганда жубайы Айша апа дароо дасторконун жая салчу. Айша Карасаева кыргыздын мыкты кыздарынын бири эле. Алгачкы "Чүмбөттүү араба" деген тасмага тартылган актриса. Экөөнүн курагында айырмачылык 10 жаш болчу. Аны белгилүү жазуучубуз Аалы Токомбаев дагы жакшы көргөн экен. Экөө Айша апаны талашып, нике кайып буюруп Кусеин Карасаевге турмушка чыгып калган", — деди Мусаев.
Профессор жубайлар үч кызга таалим-тарбия берип өстүргөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0