Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаМинистр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев
Министр здравоохранения КР Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштаганынын себебин айтты.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт
Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.
"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.
Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0