Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дөөлөтова: пандемиядагы алешемдиктерге жөнөкөй медиктерди күнөөлөшүүдө

© Sputnik / Асель Сыдыкова№6 шаардык клиникалык оорукананын өпкө бөлүмүнүн башчысы, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Токтобүбү Дөөлөтова
№6 шаардык клиникалык оорукананын өпкө бөлүмүнүн башчысы, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Токтобүбү Дөөлөтова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
№6 шаардык клиникалык оорукананын өпкө бөлүмүнүн башчысы, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Токтобүбү Дөөлөтова пандемиянын кесепетин иликтеген комиссиянын чечими менен медиктер макул эместигин айтты.
Дөөлөтова: пандемиядагы алешемдиктерге жөнөкөй медиктерди күнөөлөшүүдө
Пандемия учурундагы алешемдиктер медицина тармагында 30 жылдан бери келе жаткан көйгөйлөрдөн улам келип чыкты. Буга медиктерди күнөөлөө туура эмес. Мындай пикирин Токтобүбү Дөөлөтова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда эч кандай коргонуучу каражаты жок, жалгыз бет кап менен иштеген медиктер болгон.
"Коронавирус Кытайда пайда болгондон кийин Кыргызстанга келгенче 100 күндөн ашык убакыт өттү. Бул аралыкта өкмөт, министрлик керектүү жабдыктар менен ооруканаларды камсыздап, тиешелүү дары-дармектерди алып келип, медиктерге керек каражаттарды даярдап койсо болмок. Пандемия учурунда дары жетишсиздиги, адам өлүмүнүн бир учурда көп катталуусу сыяктуу көйгөйлөр болду. Бирок алар медиктердин күнөөсүнөн эмес, рентген, дем алдыруучу аппараттар жана башка керектүү каражаттардын жетишсиздигинен келип чыкты. Мисалы, мен иштеген оорукана вирус менен күрөшүүгө ылайыкташпаганына карабай, коронавируска кабылган жарандарды кабыл алууну буйруп коюшту. Күнүнө 200 бейтап жаткан учурлар болуп жатты, бизде болгону алты гана дем алдыруучу аппарат бар эле. Бир палатада төрт киши болсо, ар бирине 15 мүнөттөн коюп, экинчи бейтапты сөз менен жубатып, мүнөт санаган күндөрдү өткөрбөдүкпү. Айрым ооруканаларда коргоочу костюму жок жалгыз гана бет кап менен кирип иштеп жаткан дарыгерлер болду. Мунун баарына медиктердин өзүн күнөөлөш туура эмес да. Мен пандемиянын кесепетин иликтеген комиссиянын түзүлгөнүн колдойм жана анын мүчөсүмүн. Бирок анда катардагы медиктердин өзүн күнөөлөп койбой, тиешелүү аткаминерлердин жоопкерчилиги каралышы керек эле", — деди Дөөлөтова.
Дарыгер дүйнө вирустун жаңы штаммы менен күрөшүп жатса, өлкөдө бул багытта эч кандай аракеттер жүргүзүлбөй жатканы кооптондурарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, өлкөдө пандемиянын кесепетин иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Анда бир нече пункт боюнча алешемдиктер кеткени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0