Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: мурунду басып күч менен чимкирүү ЛОР ооруларын шарттайт

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Кулак-мурун-тамак оорулары кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жумабек Сулайманов
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Кулак-мурун-тамак оорулары кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жумабек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Кулак-мурун-тамак оорулары кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жумабек Сулайманов пункция менен гайморитти дарылоо коопсуз экенин айтты.
Сулайманов: мурунду басып күч менен чимкирүү ЛОР ооруларын шарттайт
Күз-кыш-жаз айларында грипп, парагрипп, коронавирус менен бирге кулак-мурун-тамак оорулары да күчөйт. Көп учурда ооруган кишинин мурдунан суюктук агып калат. Аны туура тазалоо өтө маанилүү. Себеби мурунду басып алып, күч келтирип катуу чимкирүү кулак ооруларынын, гайморит жана ангинанын пайда болушун шарттайт. Бул тууралуу Жумабек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер ангина жүрөк, бөйрөк же муундарды жабыркатпаса, анда бадам сымал безди алдыруу сунушталбайт.
"Вирустук оорулар менен ооруп калган убакта тамак ооруп, мурундан суюктук куюла берет. Эгерде бул белгилер узакка созулуп, температура түшпөй, баш ооруса, сөзсүз ЛОР-дарыгерге кайрылуу зарыл. Өз учурунда туура диагноз коюп дарылоо талап кылынат. Бүгүнкү күндө гайморитти дарылоодо пункция жасалат. Көбү аны жасатуудан качып, ар кандай ыкманы издейт. Пункцияда мурун көңдөйүн медициналык ийне аркылуу тешип, ириңди алып чыгабыз. Бул ыкмадан кийин оору өнөкөт болуп кетпейт. Тескерисинче, бейтап гаймориттен кутулат. Пункция гаймориттен арылуунун натыйжалуу жолдорунун бири", — деди Сулайманов.
Дарыгер кулакчын менен катуу музыка угуу жана кулак чукугуч менен кулкуну тазалоо эрте укпай калууга алып келерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0