Памирлик кыргыздардын Афганистан, Түркияга барып окуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок салт-санаабызды, улутубузду, тилибизди жоготуп албаш үчүн ата-бабаларыбыз байырлаган жерге кайтуу башкы каалообуз эле. Бул тууралуу Турганбай Памири Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, памирликтер Кыргызстан тууралуу улуттук телеканалдардан маалымат алып турушчу.
"Буга чейин араб арибинде жазып келгендиктен орус тамгасын өздөштүрүү кыйынчылык туудурду. Бирок бир жуманын ичинде алфавитти үйрөнүп алдым. Чындыгында билим алууда оорчулуктар болду. Мисалы, үч классты бир жылда окуу кыйын эле экен. Мен үчүн кыргыз тили жана адабияты сабактары жеңилирээк болсо, физика, математиканы өздөштүрүү кыйынчылык жаратты. Бирок 16 жылдан бери окубай, билимге суусагандыктанбы, аракетим күч болуп тездетилген ыкма менен бир жылда үч классты, ал эми үч жылда 9-классты аяктап, учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин биринчи курсуна кабыл алындым. Ал жактан кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп чыгам. Кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Кошумча фарс-тажик тилдерин билем. Орус, англис тилдерин үйрөнүү боюнча курстарга бардым. Менин максатым бул жактан алган билимди Памирдеги туугандарыма берүү. Мен аларды унутуп, көмөк көрсөтпөсөм кыянаттык кылган болом", — деди Памири.
Ал, ошондой эле, учурда окуу жайда бюджеттик негизде билим алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалады.
Марафонго Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышып, Азия чемпионатына, дүйнө чемпионатына жана Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуусуна жол ачылат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, ШКУ марафону Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясынын календарлык планына кириши Кыргызстандын эл аралык аренадагы даражасын көтөрөт.
"ШКУ марафондор сериясы бар. Биз 2019-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчөсү болуп кирдик. Ошол эле жылы биздеги трассаны эл аралык сертификациядан өткөргөнбүз. Буга чейин World Athletics тарабынан коюлган талаптарды толук аткарып келгенбиз. 2020-жылы мелдешти уюштурууга талапкерлигибизди көрсөтүп, декабрь айында Ысык-Көл марафонуна квалификациялык турнир деген наам ыйгарышты. Демек, бул марафондо спортчулардын эл аралык мелдештерге лицензия утуусуна жол ачылат. Ал эми кыргызстандык спортчулар үчүн машыгууга түрткү болуп, ири мелдештерге жолдомо алууга эң жакшы шарт. Суроо жараткан дагы бир маселе — Ысык-Көлдүн деңиз деңгээлинен бийик болгону. Спорттук нормативди аткаруу кыйын болорун айтышкан. Бирок дүйнөлүк практиканы карасак биздин өлкөдөн бийик жерлерде да марафондук нормативдер аткарылып келген," — деди Надыров.
Ошондой эле Run the Silk road IX эл аралык ШКУ марафону туризмди жана маданиятыбызды жайылтууга абдан чоң салым болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, 15-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Run the Silk road Ысык-Көл IX эл аралык ШКУ марафону старт алат.
Жоокерлердин күнүмдүк рационунун баасы 120-130 сомдон 200-210 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу Акылбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азык-түлүк өлчөмүнүн бекитилгенинен бери 18 жыл өткөн.
"КРдин Куралдуу Күчтөрүндө жана башка күч түзүмдөрүндөгү катардагы жоокерлер үчүн бир токтом менен бекитилген азык-түлүк өлчөмү колдонулуп келген. Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында килокалориясы жакшыртылган азык-түлүк нормасы бекитилди. 1-апрелден тарта КРдин куралдуу күчтөрүнүн катардагы жоокерлери, ЖАМКтын, ӨКМдин, УКМКнын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана ИИМдин ички аскерлеринин өздүк курамынын тамактануусу жакшырат. Мында курамы өзгөрүп, тамак-аштын жаңы түрлөрү киргизилди. Ал эми айрымдарынын өлчөмү жогорулатылды. Буга чейин жоокерлердин бир күндүк тамактануусунун баасы 120-130 сом болсо, эми 200-210 сомго чейин жетет. Анда эт, балык, макарон, суу майдын өлчөмү көбөйтүлдү. Мындан тышкары, ышталган колбаса, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жайкысын жер-жемиш, ал эми кышкысын анын ширеси кошулду", — деди Ибраев.
Полковник тамактардын рационун бекитүү үчүн атайын комиссия тарабынан изилдөө жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылды. Бул туурасында ал "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы жазды.
Анда журналист Жапаровдон коноктор ар дайым кур кол келбестигин эске салып, бул ирет кандай белек тартуулаганын сураган.
"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге кооз кылыч белек кылдым. Ал кылыч Кыргызстандагы чебер усталардын колунан жасалган", — деп жооп берди Жапаров.
Эске салсак, Жапаров башында турган кыргыз делегациясы 24-25-февраль күндөрү Россияга жумушчу сапары менен барып келген. Анын жыйынтыгы туурасында бул жактан билип алыңыз.