Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамырбекова: COVID жуккан кош кат келиндин эки күндөн соң көз жумганы мага оор болду

© Sputnik / Асель Сыдыкова№2 клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу, кызыл зонада иштеген дарыгер Назгүл Мамырбекова
№2 клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу, кызыл зонада иштеген дарыгер Назгүл Мамырбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2021
Жазылуу
№2 клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу, кызыл зонада иштеген дарыгер Назгүл Мамырбекова коронавирусту дарылоо боюнча онлайн окутуулар бүгүнкү күнү да уланып жатканын айтты.
Мамырбекова: COVID жуккан кош кат келиндин эки күндөн соң көз жумганы мага оор болду
Азыркы коронавируска каршы күрөшүү боюнча карантиндик чектөөлөр жетишсиз. Той, куран окутуулар, чогулуштардын байма-бай өткөрүлүп жатканы оорунун массалык таралышын шарттайт. Бул тууралуу Назгүл Мамырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр 18-40 жаштагы кош бойлуу аялдар коронавирус менен түшүп, көбү илдетти кайдан жуктуруп алганынын этиологиясын билбеген учурлар кездешүүдө.
"Кош бойлуу аялдар коронавирусту оор көтөрүп жатышты. Ооруп калгандар антибиотиктерди ичишти. Бул бала үчүн өтө зыян. Бирок наристелер дени-карды соо эле төрөлүп жатышат. Энеге баланы эмизгенге берген жокпуз. ПЧР анализдери жакшы чыккандан кийин гана баланы апасына берип жатабыз. Айрым учурда аялдын абалына карап эрте төрөтүп алганга туура келип жатты. Июль айынын башында бир кош бойлуу аял 36 жумалыгында коронавирус менен түштү. Сатурациясы 38, дем алганы өтө начар, эки тараптуу пневмония да экен. Кесерево жолу менен төрөтүп алдык. Эки күндөн кийин, тилекке каршы, каза болуп калды. Мен үчүн ушул күндөр абдан оор болду", — деди Мамырбекова.
Дарыгер вирус мутациялангандыктан баштагыдан алсырап калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0