Республика боюнча малды жасалма уруктандыруучу 452 пункт ачылып, тийиштүү жабдыктар берилген. Бул тууралуу Мыктыбек Каландаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жакында эле жасалма жол менен уруктандыруу пунктуларын уюштуруунун тартиби тууралуу жобо иштелип чыккан.
"Республика боюнча малды жасалма уруктандыруу боюнча 452 пункт ачылган. Аларга тийиштүү жабдыктар берилип, иштете тургандар окутуулардан өткөрүлгөн. Ал эми жакында жасалма жол менен уруктандыруу боюнча пунктуларды ачуунун жана уюштуруунун жоболору камтылган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул багытта иштер мурдатан эле жүргүзүлө баштаган. Малдын баасын жогорулатуунун жакшы жолу ушул. Азыркы тапта алгачкы төл чоңоюп, базарда жогорку баада сатылууда. Учурда айрым фермерлер жасалма уруктандыруудан төл албай калабыз деп кооптонушат экен. Айта кетсем, министрлик республиканын климатына туура келген, төл бере турган уруктарды гана сунуштайт", — деди Каландаров.
Ошондой эле ал малды асылдандыруу багытында коомдо түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Акча табуу киберспортто акыркы орунда каралышы керек. Адамдар алгач максатын, миссиясын, каалоосун аныктап, жоопкерчиликтүү мамиле кылышы зарыл. Мындай пикирин Баяман Саймасаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, көп функционалдуулук, ой жүгүртүү, интеллект жагынан алганда киберспорттун пайдасы көп.
"Каражат жагын көбү артыкчылык катары эсептейт. Киберспортто акчага кызыккандар адашат. Таланттуу бала акчага кызыкпай, өзүнүн чеберчилигин оюнда көрсөтөт. Мындай учурда акча өзү эле жеңиш артынан келет. Өспүрүмдөр арасында мелдештердин байге фондуна кызыгып келгендер көп. Акча үчүн ойносоң утуласың! Байге — ал мотивация. Бирок аны эң акыркы орунга коюу керек. Бул тармакка келгендер алгач максатын, миссиясын, каалоосун аныктап, жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Киберспорттун жакшы дагы, жаман жагы да бар. Аны туура түшүнүү керек. Ой жүгүртүү, интеллект жагынан алганда киберспорттун пайдалуу жактары көп" — деди Саймасаев.
Ошондой эле адис киберспорт боюнча акыркы эл аралык мелдеште 1-орунга 35 миллион доллар коюлганын, бирок андай деңгээлге чыгуу үчүн көп машыгуу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, киберспорт видео оюндардан турган жекелик жана командалык мелдеш. Кыргызстанда расмий түрдө спорттун түрү катары катталган.
1993-жылы 10-майда үч тыйын жана үч сом номиналындагы банкноталар жүгүртүүгө чыгарылган. Ал учурда бир доллар төрт сомго барабар эле. Бул тууралуу Эмил Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кир жукпаш үчүн сомдун алды-артына атайын лак колдонулат.
"Биринчи сериядагы 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом кагаз банкноталар өткөөл мезгилдин акчасы деп айтылат. Булардын коргоо элементи бир гана бүркүт тартылган суу белгисинен турган. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз сому төрт ирет жаңыртылып, бир жолу өркүндөтүлүп, бир эстелик банкнотасы чыгарылды. 1994-жылы турукташуу мезгилинин жакшыртылган экинчи сериясындагы 50, 100 сомдук банкноталар кошулган. Анда белгилүү маданият ишмерлеринин аты, сүрөтү жайгаштырылып, артында тарыхый архитектуралык эстеликтер жана жерлер чагылдырылган. Суу белгиси өзгөрүп, бардыгында акын Токтогул Сатылгановдун портрети болгон. 1997-2002-жылдары жогорку деңгээлдеги коргоо элементтерине ээ үчүнчү сериядагы банкноталар чыгарылды. Мында 200, 500 жана 1000 номиналы чыкты. 2008-2009-жылдары алгачкы металл монеталар пайда болду. 2010-жылы төртүнчү серия чыгып, мында эң төмөнкү номиналдагы банкнота 20 сом, ал эми эң жогорку 5000 сом болду. Бардык акчанын көлөмү 1,5-2 сантиметрге кичирейтилген. 2017-жылы ушул эле серия модификацияланып чыгарылды. Берки сериялардан айырмаланып портрет классикалык гравировка ыкмасы менен түшүрүлгөн. Маск деген жаңы коргоо элементи бар", — деди Курманалиев.
Адис 2017-жылы 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота жүгүртүүгө чыкканын, ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын чагылдырган оригиналдуу дизайнга жана эң мыкты заманбап коргоо элементтерине ээ экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.
"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.
Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.