Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков

Дайырбеков: креативдүү экономикага байланыштуу жеке менчик сериалдар көбөйдү

Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков Кыргызстанда жеке менчик сериалдардын саны көбөйө баштаганын билдирди.
Дайырбеков: креативдүү экономикага байланыштуу жеке менчик сериалдар көбөйдү

Сериалдардын көп тартылуусу креативдүү экономиканын өнүгүшүнө байланыштуу. Анткени экономиканын башка секторлоруна караганда, акча жүгүртүү жеңил жана каражаттын көлөмү чоң болот. Мындай пикирин Айбек Дайырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputniknews.com/popup_radio/14/s эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын булуң-бурчунда туруп, интернеттин мүмкүнчүлүктөрү менен кино, сериал тартып дүйнөлүк рынокко чыкса болот.

"Өлкөдө былтыртан баштап жеке менчик сериалдар көбөйө баштады. Себеби азыр креативдүү экономика түшүнүгү пайда болду. Экономиканын башка секторлоруна салыштырмалуу акча жүгүртүү жеңил жана акчанын көлөмү да чоң. Мисалы, бул тармакты өнүктүрүү үчүн Жогорку технологиялар паркы сыяктуу атайын аянтча уюштурсак туура болот. Өлкөнүн булуң-бурчунда туруп, талап кылынган продуктуну сатуу мүмкүнчүлүгү ачылмак", — деди Дайырбеков.

Ошондой эле кино сатуу маркетинг, көрүүчүлөргө жеткиликтүүлүгү жагынан эң жеңил товарлардын бири экендигин кошумчалады.

Белгилер:
экономика, кино, сериал, Айбек Дайырбеков
Тема боюнча
Иманов: милиция кызматкерлери тууралуу сериал тартып жатабыз
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев

Мусаев: мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Тыныстановдун ар тараптуу эмгеги бар

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык өтүп жатканын айтты.

Касым Тыныстановду илимий, саясий, маданий жана коомдук интеллигенциянын өкүлү деп таанышыбыз керек. Анткени ар тараптуу инсан болгон. Мындай пикирин Сыртбай Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мусаев: мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүндө Тыныстановдун ар тараптуу эмгеги бар

Анын айтымында, Тыныстановдун 120 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарага бардык каалоочулар катыша алат.

"1920-жылдардагы кыргыздын интеллигенциясынын өкүлдөрү катары Ишеналы Арабаев баштаган Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Касым Тыныстановду айтсак болот. Мисалы, Жусуп Абдрахмановду "20-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын арстаны" деп келебиз. Ооба, туура, ал киши саясий багыттагы жасаган иштеринен улам ушундай баага татыктуу. Бирок Касым Тыныстанов булардан айырмаланып ар тараптуу адам болгон. Биринчи кезекте аны окумуштуу катары таанысак болот. Саясий, маданий, коомдук ишмердүүлүктү аркалап, өз колу менен зор эмгектерди жасаган жаратман болгон. Ушул жана башка инсандардын эмгегин баалап, кийинки муундарга жайылтуу биздин парзыбыз. Ушундай максатта Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракесинин урматына биздин мекеме атайын конкурс уюштурууда. Анда жогорку, орто жана башталгыч кесиптик окуу жайлар жыйын, тегерек стол, кереге кеңеш, конференция сыяктуу иш-чараларды, сынактарды өткөрүүсү шарт", — деди Мусаев.

Ал кыргыз интеллигенциясынын жасап кеткен иштерин жаштарга жеткирүү үчүн билим берүү программаларына кошулушу зарылдыгын белгиледи.

Белгилер:
маараке, конкурс, Касым Тыныстанов
Тема боюнча
Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык жүрүүдө. Шарттары
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: Кыргызстандын илимий даражалары эми ЕАЭБде таанылышы мүмкүн

Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин илимий даражалары уюм ичинде бирдей таанылуусу зарыл экенин айтты.

ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоого даяр турушубуз керек. Анткени Кыргызстандан башка уюмга мүчө-өлкөлөрдө илим кызматкерлеринин маянасы көбүрөөк болгондуктан, жогорку квалификациялуу адистердин өлкөдөн чыгып кетүү коркунучу жаралышы ыктымал. Бул тууралуу Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жуматаев: Кыргызстандын илимий даражалары эми ЕАЭБде таанылышы мүмкүн

Анын айтымында, биримдиктин алкагында экономиканы эле эмес, илимди дагы интеграциялоо зарыл.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдө илимий даражалардын эки тараптуу таанылуусу боюнча келишим марттын этегинде ЕЭК тарабынан жактырылды. Эми ал кабыл алынуусу шарт. Аталган уюмдун алкагында экономикалык көптөгөн долбоорлор, программалар каралууда. Бирок айрым тоскоолдуктардан улам кээ бирин ишке ашыруу татаал болуп жатат. Ошондуктан ЕЭКтин алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөн. Ал ЕАЭБде кабыл алынган мыйзамдарды илимий жактан талдайт. Натыйжасын чыгарып бергенден кийин гана сунуштар ишке ашырылат. Бул экономиканы эле алдыга коюп, илим, билим жаатын көңүлдөн тыш калтырууга болбостугун билдирет. Чынында илимди интеграциялоо зарылдыгы бар, тобокелчиликтер да жок эмес. Мисалы, жогорку квалификациялуу адистердин жакшы айлык төлөгөн өлкөлөргө агылуу коркунучу бар. Ошол эле учурда илимий даражалардын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдө таанылуусу жаш окумуштуулардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондуктан биз тобокелчиликтерден коркпостон, тескерисинче, ага даяр турушубуз керек. Сыртка чыгып кеткен адистердин ордун толуктоо менен бул кыйнчылыктан чыгып кетүүгө болот. Ал үчүн өлкөдөгү билим берүүнү жакшыртып, илимдин техникалык базасын чыңдоо зарыл", — деди Жуматаев.

Окумуштуу уюмдун алкагында илимий потенциалды теңдөө аракеттери жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

Белгилер:
комиссия, экономика, айлык, интеграция, илим, Евразиялык экономикалык биримдик, Мурат Жуматаев
Тема боюнча
Быйылкы жазда ЕАЭБдин алкагында маанилүү иш-чаралар өтөт
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:05 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

Завотделом правового обеспечения Департамента Минкультуры КР Кыял Кенжематова
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр