Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова. Архив

Абжапарова: мамлекеттик ипотеканы активдүү кардарлар биринчи алып кете берет

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова мамлекеттик кызматкерлердин турак-жайга насыя алуусундагы айрым эрежелерге токтолду.

2020-жылдын август айынан тарта МИК кардарларды электрондук портал аркылуу кезекке коюп келет. Бул тууралуу Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Абжапарова: мамлекеттик ипотеканы активдүү кардарлар биринчи алып кете берет

Анын айтымында, учурда аталган компаниядан ипотека алуу үчүн 6000ден ашуун жаран кезекте турат.

"Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак-жайлуу болууга шарты туура келген жарандар үйдөн чыкпай эле мобилдик телефону аркылуу же биздин сайтка кирип керектүү документтерин тиркеп, кезекке туруп койсо болот. Бирок айрым кардарлар канчанчы номерде болсо, кезегим ошол номерге жеткенде келет деп жүрө беришет экен. Порталдагы кардарлардын катарын билдирген сандар ал адамдын ошончончу болуп ипотека алат дегенин түшүндүрбөйт. Ал болгону кардар мамлекеттик кызматкер катары ипотека ала алат дегенди билдирет. Ал эми кимдин баштапкы төлөмү, ала турган үйү даяр болуп, документтери кынтыксыз толтурулса каражатты алып кете берет. Эгер биз биринчи номердеги кардар биринчи алат деп кезек киргизип койсок баштапкы төлөмүнө керектелчү суммасы чогула элек же башка бир шарттар менен өздөрү кечеңдеткен учурлар болот экен. Андыктан тизмедеги кардарлардын кимдин мүмкүнчүлүгү болуп, бардык талаптарды аткарууга даяр болсо ошол адам ала бере турган системада иштеп жатабыз", — деди Абжапарова.

Ал 2015-2020-жылдарга ылайыкташкан "жеткиликтүү турак-жай" программасынын катышуучулары да долбоордун мөөнөтү бүтүп калганына карабай, автоматтык түрдө 2021-жылдан башталган кезекте тура беришерин кошумчалады.

Белгилер:
портал, кезек, мамлекет, ипотекалык насыя, Элмира Абжапарова
Тема боюнча
Кыргызстанда ислам принциптери менен ипотека берүү пландалууда
Музыка ышкыбозу Чынтемир Акбарали уулу

Акбарали уулу: рок-музыканы кыргыз тилинде жайылтуу керек

(жаңыланган 14:20 15.04.2021)
Музыка ышкыбозу Чынтемир Акбарали уулу рок-н-роллду кыргыз тилинде жайылтып, коомдогу актуалдуу маселелерди көтөрүп чыкса болорун айтты.

Рок-н-ролл Кыргызстанда өтө кеңири өнүкпөгөндүктөн, жанрды коомго жайылтуу оор болуп жатат. Бул тууралуу Чынтемир Курсанали уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маек учурунда билдирди.

Акбарали уулу: рок-музыканы кыргыз тилинде жайылтуу керек

Анын айтымында, өлкөдө аталган музыкалык жанрдын өнүгүшүнө Виктор Цой баштаган "Кино" советтик рок-группанын салымы чоң.

"Мен кичинекей кезимен рок угуп жүргөндүктөн бул жанрда музыка жазып көрүүнү чечтим. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде окуп жүргөндө ырчы Алишер Тоотаев жазган салттуу ырды алып, гитаранын ыргагына салып ойноп көргөм. Башында баарына жагып, режиссёр таап, клип да тартканбыз. Бирок радио, телевидениелер биздин чыгарманы кабыл албай, эфирге чыгарбай коюшкан. Биз атайын рок-барларга барып, чакан аудиторияга чыгармабызды тартуулап баштаганбыз. Көп башка улуттар рок-н-роллду эне тилинде ырдап, популярдуу болуп келишет. Ошондуктан биз дагы эне тилде ырдап чыгууну туура көрдүк. Азыр деле кыргыз тилиндеги рок музыкасын жайылтуунун аракетиндебиз. Өз тилибиз аркылуу коомдогу көйгөйлүү маселелерди алып чыксак болот. Бул жанрды коомго жайылтуу оор болууда", — деди Акбарали уулу.

Ошондой эле ырчы Кыргызстанда рок-музыка өткөн кылымдын 70-80-жылдарында эле жарала баштаганын кошумчалады.

Белгилер:
Чынтемир Акбарали уулу, музыка
Тема боюнча
Димаш Кудайбергендин казакча рэп жаңырган англис тилиндеги ыры жарык көрдү
Экономист Нургүл Акимова. Архив

Экономист: азык-түлүк тартыштыгынан чыгуу өлкө саясатынан көз каранды

(жаңыланган 14:19 15.04.2021)
Экономист Нургүл Акимова азык-түлүк тартыштыгы жалпы дүйнөдө эмес, Кыргызстанда гана болуп жаткандыгын айтты.

Учурда өлкөдө экономикалык эмес, саясий кризис өкүм сүрүүдө. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Экономист: азык-түлүк тартыштыгынан чыгуу өлкө саясатынан көз каранды

Анын айтымында, коронавирустан улам дүйнөдө оор кырдаал жаралганы менен азык-түлүк тартыштыгы жок.

"Кыргызстан негизинен импорттон көз каранды өлкө. Ошондуктан азык-түлүк тартыштыгы болуп жатат. Бизден айырмаланып, башка мамлекеттерде мындай көрүнүш жок. Мисалы, ун Казакстандан келет, ал жакта фондулук биржа өнүккөн. Андагы маалыматтарга ылайык, коңшу өлкөдө ундун тартыштыгы дээрлик жок. Пандемиянын кесепетин алар деле тартты, бирок азык-түлүк тартыштыгы келип чыккан жок. Тескерисинче, өндүрүлгөн продукциялар логистикалык көйгөйлөрдөн улам сатылбай, кампаларда ашыгы менен туруп калды. Ошондуктан учурдагы өлкөдөгү абал экономикалык эмес, саясий кризис. Мындай учурда өлкө саясатын жүргүзгөн адамдар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерди түзүү менен абалды жөнгө сала алат. Эгерде башка өлкөлөрдүн биздин саясатчыларга ишеними болсо, товарларын бизге ыңгайлуу баада өткөрөт. Болбосо башка мамлекеттер менен иштешип, Кыргызстанга анчейин ишеним көрсөтпөй кое алышат. Андыктан азыркы азык-түлүк тартыштыгын жоюп, бааларды турукташтыруу чоң-чоң саясий чечимдерден көз каранды", — деди Акимова.

Экономист мындай учурдан чыгууда биринчи кезекте саясий күчтөрдүн ынтымагы жана коомдогу туруктуулук зор мааниге ээ экендигин кошумчалады.

Белгилер:
кризис, саясат, экономика, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Кыргызстандыктардын жашоо минимуму 760 сомго жогорулады
Настойка иссык-кульского корня для лечения коронавируса во время пресс-конференции в Бишкеке

Министр: уу коргошунду туура эмес ичкен адам беш мүнөткө жетпей өлөт

(жаңыланган 14:43 16.04.2021)
Бейшеналиев коронавирусту дарылоого уу коргошундун колдонулуп жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билбей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Уу коргошунду дарыгердин жанында, кайнак бойдон гана ичиш керек. Аны муздак кылып ичсе, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда айтты.

Белгилей кетсек, аталган чөптүн кайнатмасы клиникалык сыноодон жана каттоодон өтө элек.

"Бул уу коргошунду ичерде дозасын жакшылап санаш керек. Анын дозасын мен да жакшы билбей эки күндүн биринде Садыр Жапаровго чалып сурап жатам. Уу коргошунду кайнак түрүндө гана ичүү шарт. Эгер аны муздак бойдон ичсе же артынан муздак суу колдонсо, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Уу коргошундун артынан балмуздак жеп, муздак сууга түшпөш керек. Аны ичкенден кийин жылуу жатуу зарыл", — деди министр.

Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып коронавирусту дарылоого уу коргошундун колдонулуп жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билбей турганын белгиледи.

"Силер жаңы эле угуп жатсаңар, алар (ДССУ) кайдан билмек эле?" — деди Бейшеналиев.

Министр аталган чөптүн кайнатмасы өлкөнүн бардык аймактарына берилип жатканын айтып, аны үй шартында колдонбоону сунуштады.

"Айрымдар "кызыма да берейин" деп сурап жатышат. Бирок муну дарыгердин көз алдында гана ичүү шарт. Бейтаптар кайнатманы сураганда аларга дарыгерди кошо жиберип жатабыз. Медиктер кандай кылып ичүү керектигин көрсөтүп беришет", — деди министр.

Бейшеналиев уу коргошун менен азыр коронавирус менен ооругандарды гана дарылап жатканын айтып, ал вирусту алдын алар-албасын билбей турганын белгиледи.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, министр, коргошун, уу, коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема боюнча
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт
Министр: былтыр ооругандар кайра вирус жуктуруп алууда, вакцина алгыла
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу