Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Медетбеков: саясий туруксуздуктан улам мыйзамсыз уюмдар баш көтөрүшү мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков 2021-жылы дүйнөдө коркунуч жаратышы ыктымал болгон жагдайларды санады.
Медетбеков: саясий туруксуздуктан улам мыйзамсыз уюмдар баш көтөрүшү мүмкүн
Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук, нарко-трафиктин өсүшү кооптондура турган маселелерге кирет. Мындай пикирин Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коопсуздукка терс таасирин тийгизе турган жагдайлардын алдын алуу боюнча мамлекеттик бийлик тыкыр иш алып баруусу зарыл.
"Учурда дүйнөдө адамзат үчүн ар кандай чакырыктар көбөйүүдө. Алардын эң кооптуусу — COVID-19 вирусунун таасири. Анын натыйжасында боолголонуп жаткан экономикалык кризис дагы көптөгөн көйгөйлөрдү жаратышы толук мүмкүн. Себеби айрым эксперттер кризистен улам ачарчылык болуу ыктымалдуулугун айтышууда. Мындан тышкары, терроризм, экстремизм коркунучу али дагы бар. Соңку убактарда диний, саясий, экономикалык тирештер кооптонууну туудурат. Ал эми Борбор Азияда булардан тышкары эл аралык террористтик, экстремисттик топтордун таасири жок эмес. Кыргызстанда болсо буга саясий туруксуздук, коррупциянын жогорку бийлик деңгээлине чейин өскөнү, уюшкан кылмыштуулук менен мамлекеттик, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аралашып кетүүсү жана нарко-трафиктин өсүшү кирет. Өз кезегинде саясий туруксуздуктан улам өлкөгө терс таасирин тийгизген окуялар болуп, мыйзамсыз уюмдардын баш көтөрүшү мүмкүн", — деди Медетбеков.
Эксперт соңку учурларда туура эмес маалыматтардан улам айрым мыйзамсыз уюмдарга жарандардын азгырылуусу орчундуу көйгөй боло баштаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0