Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нурбаева: Фрунзе үй-музейи оңдоп-түзөөгө муктаж

© Sputnik / Асель СыдыковаМ.В. Фрунзе атындагы үй-музейдин жетектөөчү адиси Гулира Нурбаева
М.В. Фрунзе атындагы үй-музейдин жетектөөчү адиси Гулира Нурбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жазылуу
М.В. Фрунзе атындагы үй-музейдин жетектөөчү адиси Гулира Нурбаева кол башчынын туулган күнүнө карата бүгүн музейде ачык эшик жарыялангандыгын айтты.
Нурбаева: Фрунзе үй-музейи оңдоп-түзөөгө муктаж
Фрунзе Михаил Васильевичтин үй-музейи оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу Гулира Нурбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган имаратты 1879-жылы М. В. Фрунзенин атасы тургузган.
"М.В. Фрунзенин азыркы үй-музейинин эң негизги баалуу экспонаты — бул анын атасы курган, коомдук ишмер төрөлүп, чоңойгон үйү. Имарат 1879-жылы тургузулган, жанында атасынын амбулатордук дарыканасы да болгон. Кийин 1967-жылы сыртынан музей курулган. Азыркы учурда бул баалуу экспонатыбыз оңдоп-түзөөгө муктаж болуп турат. Анткени 140 жылдан ашуун турган үйдүн абалын сүрөттөп бербесек да түшүнүктүү болор", — деди Нурбаева.
Адис музейде Фрунзенин үй-бүлөсүнө тиешелүү жана ошол доордо колдонулган башка буюмдар, өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да бар экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, М. В. Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында фельдшердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал коомдук жана саясий ишмер, чыгаан кол башчы болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0