Түнкү саат 22:00дө нөөмөткө кирип, таңкы 10:00дө чыкканыбызда бутубуздагы желим өтүгүбүздөн 4-5 литр суу төкчүбүз. Жайдын аптабында коргонуучу костюм кийгендиктен ушунча тердечүбүз. Бул тууралуу Рахат Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кызыл зонада иштеп жаткан учурда дарыгерлердин жакындары менен телефон аркылуу байланышууга да мүмкүнчүлүгү жок болчу.
"Азыр былтыр жай мезгилиндеги күндөрүбүздү эстесем жүрөгүм тилинет. Бет кап тагып, үстүнөн коргоосу күчөтүлгөн респиратор тагып, эки кабат желим кол кап тагынып, коргоочу костюмдар менен башыбыздан ылдый чүмкөнгөн соң үстүнөн резина өтүктү кийип кызыл зонага кирип жаттык. Жайдын аптабында мындай кийим менен күнүнө 10-12 сааттап бир нече күн жүрүү абдан оор болду. Ар күнү нөөмөтүбүз бүтүп, сыртка чыкканда өтүктөрүбүздөн 4-5 литр шоргологон суу төкчүбүз, буттарыбыз быштактай агарып кетчү. Кызыл зонада иштеп турганда суткалап жакындарыбыз менен телефон аркылуу да байланыша алчу эмеспиз. Айрымдардын жаш балдары болсо, кээ бирөөлөрүнүн оорукчан ата-энеси же коронавируска кабылган тууганы болуп калат. Өзүң медик болуп туруп аларга көмөк көрсөтмөк тургай, кеп-кеңеш да берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калып жатканы ого бетер кейитчү", — деди Жумалиева.
Дарыгер эми абал жакшырганда ушундай шартта иштеген дарыгерлерден күнөөкөр издебей, вирустун кийинки толкундарына даярдык көрүү зарылдыгын кошумчалады.
Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматта Диндик экспертиза башкармалыгы болуп түзүлгөнүнө эки жылдын гана жүзү болду. Биз террордук, экстремисттик чакырык, үндөөлөрдү камтыган же улуттар аралык кагылышууларга алып келүүчү, болбосо кайсы бир топтогу адамдардын же жеке инсандын аброюна шек келтирген тексттерди талдап, иликтейбиз. Бул тууралуу Жийдегүл Семёнова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сөз аркылуу кылмыш жасоо өлкө аймагында жылдан-жылга көбөйүүдө.
"Сөз менен кылмыш жасоону негизги үч топко бөлүп карайбыз. Алар кептик бейбаштык, кептик алдамчылык жана кептик кылмыш болуп аталат. Мисалы, интернет айдыңында коомго коркунуч жаратпаган, бирок жеке бир адамды же улутту таарынткан текст — бул кептик бейбаштык болуп эсептелет. Ал эми кайсы бир продукцияны эч негизсиз мактап, кымбат сатуу аракетин көргөн сыяктуу тексттер кептик алдамчылыкка кирет. Кептик кылмыш деп биз экстремисттик, террордук чакырыктарды жана башка ушул сыяктуу оор иштерге үндөгөн тексттерди атайбыз. Биздин милдет ошол жерде мыйзам бузуулар бар экенин аныктап берүү гана. Ал эми чечимди сот чыгарат. Аныктоодо биз эч качан бир гана сөзгө же сүйлөмгө басым жасабайбыз. Жазылган жалпы текстке көңүл бурабыз. Ал социалдык тармактагы бирөөнүн жеке баракчасына жазган посту болобу же анын түбүнө жазылган комментарийби, айырмасы жок", — деди Семёнова.
Лингвист 2018-жылы кептик мыйзам бузуу боюнча 86 учур катталса, 2019-жылы 950гө жеткенин кошумчалады.
Экономикалык кризис учурунда ишкерлерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Мындай пикирин Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, ишкерлер бизнесин, кардарларды ойлобой эле мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деген түйшүк менен жашап калышты.
"Тилекке каршы, инвестициялык климат учурда жакшы эмес. Жалпысынан өлкөдө саясий-экономикалык туруктуулук толук кандуу орной элек. Дүйнөлүк жагдайга карасак, шайлоо жакындаганда инвестициялар убактылуу токтойт. Биринчиден, коопсуздук болушу керек. Көп ишкерлер, инвесторлор жеке менчиктин коопсуздугуна кепилдик көрө албай жатышат. Азыркы экономикалык кризис учурунда бизнесмендерге кылмыш ишин козгоо, негизсиз текшерүүнү токтотуу керек. Ишкерлер бизнести, кардарларды ойлобой, мамлекеттик органдарга кантип жооп беребиз деп түйшөлүп калышты. Экинчиден, саясий-экономикалык туруктуулукту орнотуу зарылчылыгы күч", — деди Сыдыков.
Ошондой эле жетекчи мамлекеттик органдарда, компанияларда ишкерлер менен тыгыз иш алып бара ала турган кесипкөй адистердин жетишпей жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.