Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сайназаров: аралыктан билим берүү жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Жазылуу
Билим берүү тармагындагы эксперт Кеңешбек Сайназаров чет өлкөдөгү көптөгөн ЖОЖдор окуу материалдарын ачыктап, аларды өлкөдөгү мугалимдер, студенттер кеңири колдонуп билимин өркүндөтүп жатканын белгиледи.
Сайназаров: аралыктан билим берүү жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө
Аралыктан билим берүү бир кыйла мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Бул тууралуу Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө аралыктан окутууга аргасыз өтсөк да көптөр ушул абалга ыңгайлаша алышты.
"Онлайн окутуу билим берүү жаатында бир топ мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Маселен, мурда өзүнө жүктөлгөн лекцияларын окуп, жаңы нерсеге анча умтулбаган профессор, мугалимдер чет өлкөдөгү ЖОЖдордун тажрыйбасын колдонушууда. Стэнфорд, Гарвард, Кембридж, Москва эл аралык мамилелер мамлекеттик институту, Санкт-Петербург университети сыяктуу дүйнөлүк окуу жайлар курстарын ачыкка чыгарды. Алардын айрымдары гана символикалык баа койгону болбосо, көпчүлүгү акысыз. Учурда студенттер мугалимдеринин өткөн сабактары менен чектелбестен, дүйнөлүк ачылыштар боюнча билимин тереңдетип жатканы кубандырат. Ошондой эле айрым ЖОЖдордун администрациялары учурга ыңгайлашып иш алып барышууда", — деди Сайназаров.
Эксперт өлкөдө аралыктан окутуу жүрүп жаткан соң ошого жараша акы төлөөнү азайтуу дагы колго алынуусу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0