Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот

© Sputnik / Асель СыдыковаЖаш ишкер, саякатчы Эрмек Темирбек уулу
Жаш ишкер, саякатчы Эрмек Темирбек уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Жаш ишкер, саякатчы Эрмек Темирбек уулу Кыргызстанда саякатты кол жеткис нерсе көрбөстөн акча коротпой дүйнө кыдырса болорун айтты.
Темирбек уулу: көп акча коротпой эле саякаттаса болот
Чет өлкөгө чыгардан мурда туура маалымат алуу абдан маанилүү. Саякатка байланыштуу түрдүү тиркемелерди жүктөп, тажрыйбалуу саякатчылардан кеңеш алып, атайын макалаларды окуп, бара турган өлкө тууралуу кабардар болуу керек. Мындай пикирин Эрмек Темирбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, саякаттагы негизги критерийлердин бири — англис тилин билүү. Мындан тышкары, Hostelworld, Airbnb сыяктуу сайттар аркылуу оңой жер кыдыруу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, CouchSurfing тиркемеси аркылуу кыска мөөнөткө акысыз батир тапса болот.
"Саякат десе эле элдин көбү деңиз жээгинде жатып эс алуу, алыс жакка баруу деп түшүнөт. Бирок саякаттоонун ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, окуу саякаты, медициналык туризм. Акыркы жылдары Кыргызстанда туризм компанияларынын көп ачылышы адамдардын саякатка болгон кызыгуусуна себеп болууда. Бизде кол жеткис нерсе катары кабыл алышат. Байдын балдары саякаттайт, көп акча сарпталышы керек деген туура эмес ойлор бар. Андай ойлордон качуу керек. Атайын гранддар, стипендиялар аркылуу деле кетсе болот. Мындан тышкары, автостоп жана атайын тиркемелердин жардамы менен көп акча коротпой, жадагалса акысыз дүйнө кыдырууга мүмкүн," — деди Темирбек уулу.
Ал чет өлкөгө чыгардан мурда паспорттун көчүрмөсүн тастыктап алуу документ жоголуп кеткен учурдагы кыйынчылыктардан сактай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0