Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдраимов: чакан ГЭСтердин тетиктерин чыгаруучу ишкана ачуу пландалууда

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Элмурат Абдраимов. Архив
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Элмурат Абдраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.02.2021
Жазылуу
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун мүчөсү Элмурат Абдраимов аталган фонд тарабынан быйыл насыяга 70 миллион сом берүү мерчемделип жатканын маалымдады.
"Текстиль транс" компаниясы менен биргеликте пахта өстүрүүдөн баштап даяр продукция чыгарууну көздөгөн чоң фабриканы иштетүү пландалууда. Бул тууралуу Элмурат Абдраимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Абдраимов: чакан ГЭСтердин тетиктерин чыгаруучу ишкана ачуу пландалууда
Анын айтымында, фонд келечекте чакан ГЭСтерди, айыл чарба тармагында сүт, шекер чыгаруу жана башка көптөгөн долбоорлорду каржылоону көздөөдө.
"Чакан ГЭСтердин тетиктерин өлкө ичинде чыгаруу боюнча долбоор ишке ашканы турат. Муну РКӨФ Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте каржылайт. Долбоорду "Росатом" компаниясынын консультациясы менен жергиликтүү компания ишке ашырат. Жалпы наркы 4,5 миллион доллар деп болжолдонууда. Мындан тышкары, "Текстиль транс" компаниясы менен биргеликте пахта өстүрүүдөн баштап даяр продукция чыгарууну көздөгөн чоң фабрика иштетүү боюнча пландар бар. Учурда бул долбоордун биринчи этабы жыйынтыкталып, текстиль фабрикасы тыштан сырьё алып келип чыгарган продукциясынын үчтөн эки бөлүгүн Россияга импорттоодо. Коронавирустан улам чек аралардын жабылганына байланыштуу фабриканын продукциясын сатуунун көлөмү өстү. Себеби биз үчүн ЕАЭБдин аймагына товарды жеңилдетилген шарттарда чыгарууга мүмкүнчүлүк болду", — деди Абдраимов.
Ошондой эле ал текстиль фабрикасын толук кандуу ишке берүү үчүн Чүй облусунда пахта өстүрүү пландалып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0