Уйкунун узактыгы ар бир адамдын жаш курагына жараша болот. Жалпысынан уйку төрттөн он эки саатка чейин созулат. Кичинекей балдар 12-15 саат уктаса, алтымыштан өткөн кишилер 6-7 саат уктап калат. Бул тууралуу Абдирашит Марипов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аз жана көп уктагандардын өлүм көрсөткүчү бирдей жогору болот.
"Жумушка жарамдуу чоң кишилер 7-8 саат уктаса жетет. Чоң адам күндүз көп уктаса бул уйкусуздукка алып келиши мүмкүн. Эгер адат болуп калып, организм талап кылса 45 мүнөт гана уктоо сунушталат. Адам терең уктаганда соматотропин, тестостерон бөлүнүп чыгат. Соматотропин адамды арыктатуучу гормон. Ошондуктан адам жакшы уктабаса семире да баштайт. Ал эми тестостерондун жоктугу эркекти импотенцияга алып келет. Уйку эс-тутумду да жакшыртат. Анын жетишсиздигинен киши кыжырданып, концентрациясы бузулуп, көңүлү чөгөт. Андан тышкары, кан басым көтөрүлүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын, кант диабети, инфаркт жана инсульттун пайда болуу тобокелчилигин жогорулатат", — деди Марипов.
Адис адам уктаганда тердегендиктен уктоочу жаздыкта кене чогулуп каларын, аны эки жылда бир алмаштырып же толук ичин чыгарып тазалап туруу керектигин кошумчалады.
"Учкун" ачык акционердик коому 1926-жылы негизделген. Ушул эле жылы 7-ноябрда эң биринчи кыргыз гезити араб арибинде чыккан. Ал эми 1930-31-жылдары басма үйүнүн имараты курула баштаган. Бул тууралуу Нурайым Токтомушева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, басмакана мамлекеттик баалуу кагаздарды да басып чыгарат.
"Басмаканага жабдыктарды Алматы, Ташкенттен алып келишкен. Фрунзеде бул жаатта атайын адистерди даярдоо үчүн фабрика-заводдук окуу ачылган. 1967-жылы "Правда" гезитинин биринчи нускасы чыккан. 2019-жылы сатып алуулар мыйзамына мамлекеттик маанидеги документтер мамлекеттик ишканада басылсын деген өзгөртүү киргизилген. Бул боюнча президенттин алдындагы иш башкаруу типографиясы, "Гознак" ЖЧКсы, "Учкун" ААКсы арасында тендер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен "Учкун" ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын туулгандыгы, никелешүү тууралуу жана башка күбөлүктөрдү басып чыгарат. Андан тышкары, аттестация, диплом, ошондой эле кадастрдын тендеринин негизинде мамлекеттик актылар, кызыл китептер басылууда. Азыр эми окуу китептери ар башка басмаканаларда жана чет өлкөдө басылып жатат. Чар жайыт кылбай мамлекеттик ишкананы борборлоштуруп каржыласа, сапаттуу китептерди чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", — деди Токтомушева.
Адис президенттик шайлоо жана референдум өткөрүлгөндө жети миллион бюллетенди мыйзамга ылайык 10 күндө басып чыгарышканын кошумчалады.
Кыргыз Республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендүү мамлекет болгондон кийин туу, герб, гимнин бекитүү үчүн конкурс жарыяланган. Чыгармачыл адамдар Жогорку Кеңештин залында бир жумага жакын туунун көргөзмөсүн өткөрүп, авторлор менен идеясын ортого салып отуруп, 3-марттагы жалпы талкууда азыркы тууну кабыл алганбыз. Бул тууралуу Орозбек Акимбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тууга көлдүн, жайлоонун, пахтанын, буудайдын жана тоонун сүрөттөрү тартылган 30-40ка жакын варианттар болгон.
"Желектин авторлору Жусуп Матаев, Эдил Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаровдун эмгеги жактырылган эле. Кызыл түстөгү туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. "Көк болуш керек", "жок, кызыл болсун" деп түсү боюнча да тартышуулар болду. Кыргызда жамандык болгондо көк, кара киет деп кызыл өңгө токтолдук. Башында желекке Американыкындай канча облус болсо ошончо жылдыз түшүрөлү деп чыгышкан эле. Кызыл туу кайраттуулуктун белгиси, мекенибизди коргоо үчүн канын-жанын аябаган адамдардын канынын түсү деп азыркы туу тандалды. Белгилей кетчү нерсе, негизи тууда азыркыдай эмес, бири узун, бири кыска нур чачырап турган. Кабыл алуунун эртеси желекти жасап келип жайса эле ал күн карамага окшоп калыптыр. Ошондо мен Медеткан Шеримкуловго "бул биз кабыл алгандай болбой калыптыр" десем, ал "ай Оке, Аскар Акаевич менен тартышып эми жараштык, кое турчу муну, кийинчерээк түзөп алабыз" деди эле. Ошол боюнча калып кетти. Элдин көзү көнүп, каныгып калгандан кийин тарыхка кайрылып аны оңдоонун зарылчылыгы барбы, эми аны азыркы жаштар карап көрөр", — деди Акимбаев.
Легендарлуу депутат 350 депутаттын 200дөн ашыгы азыркы тууну кабыл алууну колдогонун кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.