Фрунзенин Бишкек атына кайтуусу СССР чачырагандан кийин кабыл алынган деген маалыматтар туура эмес. Бул тууралуу Медеткан Шеримкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Советтер Союзу 1991-жылы декабрь айында ураган, февралда держава чачырайт деген шек жок болчу.
"1860-жылдарда орустар Бишкекти өз тилине ылайыкташтырып Пишпек деп жазылып калган. Этимологиясы эч кандай тарыхый баалуулукту түшүндүрбөйт. 1925-жылы 31-октябрда Михаил Васильевич Фрунзе дүйнө салгандан кийин 1926-жылы 12-майда Пишпектин тургундарынын демилгеси менен Фрунзе аты берилген. Михаил Фрунзе биздин жердешибиз, залкар инсандардын бири. Аны менен сыймыктанып, ал кишинин ысымы көчөгө, музейге ыйгарылып, эстелиги темир жол бекетинин алдына тургузулган. 1990-жылдын 15-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан "Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө" декларация кабыл алынган. Анын негизинде 1936-жыдан бери Кыргыз ССРи деген аталышты өзгөртүп, "Советтик Социалисттик" деген абрревиатураны алып, Кыргыз Республикасы деп атаганбыз. Буга байланыштуу жер-шаарларга өзүнүн тарыхый аталышын кайтаруу максатталган. Ошентип борбор калаага Бишкек баатырдын ысымы ыйгарылган", — деди Шеримкулов.
Ошондой эле ал борборду Манас деп атоо сунушу болгонун кошумчалады.
Жамал Сейдакматова тирүү кезинде укмуштуу даражага жетип, алдыга койгон максаттарын орундатты. Мындай пикирин Мурат Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтып берди.
Анын айтымында, таланттуу актрисанын театрда жана кинодо ойнобогон ролу калган жок. Улуу артисттерден сабак алып, кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө жана түптөлүшүнө зор салым кошту.
"Жамал эже жөнүндө айтуу бир чети кыйын, бир чети жеңил. Бир багытта айтуу мүмкүн эмес. Ал ар тараптуу адам эле. Жамал эже жашоосунда бактылуу адам болду. Себеби тирүү кезинде эмне деген даражаларга жеткен жок. Алдына койгон максаттарын орундатты. Сахнада анын ойнобой калган ролу болгон жок. Белгилүү режиссёрлор менен иштешип, улуу артисттерден сабак алды. Ал эми эл аны "Жамал, Жамал!" деп дайыма тосуп алчу. Жамал эже өз өмүрүн татыктуу жашап өттү," — деди Мамбетов.
Ошондой эле актёр Жамал Сейдакматованын өтө жөнөкөйлүгү, көрөгөчтүгү аны башкалардан өзгөчөлөнтүп турганын кошумчалады.
Эпосто "бөгөл" деген сөз кездешет. Ал күч түзүмдөрүнүн бир бөлүгү катары түшүндүрүлөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөз Манастын 40 чоросунун биринин ысымы катары айтылат.
"Эпосто "бөгөл" деген сөз бар. Улуу баянда чоролордун биринин ысымы дагы Бөгөл болгону маалымдалган. Ошондой эле учурда ИИМ, УКМК, Каржы полициясы деген күч түзүмдөрү бар. Ошол сыяктуу эле эпосто "бөгөл" кызматтык аскер түзүмдөрүнүн бири деген мааниде колдонулат. Эпосто кайгуул, бөгөл, тооручу дегендер болгон. Бирөө кайгуул чалса, башкасы жамандыкты бөгөп, алдын алган. Ал эми башкалары жаман иштерди тооруп, жокко чыгарганы айтылат", — деди Талантбеков.
Манасчы "бөгөл" деген сөздү күнүмдүк турмушка ыңгайлаштырып колдонсо боло турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.